“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Сүмөлөк үстүндөгү сүрөт

30 Март 2019 жыл 5:57
Көрүүлөрдүн саны: 176

Быйылкы Ноорузду Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектеби сүмөлөк кайнатуу менен тосушту. Даяр болгон сүмөлүктү ачканда башталгыч класстын мугалими Т.Токтоева көпчүлүк байкабаган нерселерди кийин сүрөттөрдү көрүп байкаган

Нооруздун даамы сүмөлөктү кайнатуу үчүн мектептин жалпы жамааты катышып, ата бабалардын салты менен баардык каада салттарды  жасашты.

Алгач кол эмгек мугалими Гулмира Усукеева март айынынбашында эле  буудай өндүргөн.  Даяр болгон буудайды мектепке алынып келинип 9 ирет жуулуп, сок билек менен жанчылды. Казанга от жагылып, куран окулуп, 9 көөкөр жасалган соң сүмөлөктү кайнатуу тартиби менен аткарылды.

       

Баарынан кызыгы 21- мартта тартылган сүрөттө. 9 саатка демделген казанды ачканда ар ким аркандай сүрөттөрдү көргөн. Көпчүлүк казандын бетине оюлар түшкөнүн байкашса, Тумар эже казандын бетиндеги кристалл сыяктуу чагылган жерлерге жанында турган адамдын күзгү сыяктуу болуп түшкөнүн байкаган

 

Казан бетиндеги сүрөттөрдөн учурдагы жаратылыштын сүрөттөлүшүн да байкасак болот.

 

Куланак айылында “Нооруз” тамагы болгон сүмөлөк мектепте биринчи ирет кайнатылды. Бул каада салтты 3 жыл катары менен аткарабыз дейт мектеп жамааты.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева