“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта бүйүр кызыткан спорттук мелдеш болуп өттү

6 Апрель 2019 жыл 18:19
Көрүүлөрдүн саны: 160

Бүгүн, 6-апрелде А.Аралбаев орто мектебинде спорттун 6 алты түрү боюнча өрөөндүк деңгээлдеги спартакиада болуп өттү. Аталган мелдешке 5 мектептен 100 дөн ашык окуучулар келип катышышты.

«Дени сак улут-дени сак өлкө»- дегендей ар бир эле адам өз ден-соолугуна кам көрүш үчүн спорт менен машыгыш керек. Мына ошол максатта А.Аралбаев орто мектебинде окуучулар арасында спартакиада болуп өттү.

Уюштуруучулар бири А.Аралбаев орто мектебинин дене тарбия мугалими Бейшенбек Иманов төмөндөгүлөргө токтолду:
» Бүгүн А.Аралбаев орто мектебинде өрөөндүк спартакиада болуп жатат. Жалпысынан 100 дөн ашык окуучу спорттун алты түрү боюнча күч сынашып жатышат. Оюндардын жүрүшү мыкты деңгээлде болуп өттү. Жаш спортчулар татыктуу таймаш көрсөтүп жатат деген ойдомун».

Ал эми Э.Токсобаев орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбеков өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
«Учкун айылынан жалпы 32 окуучу келди. Уюштуруу деңгээли эң мыкты. Мен тогуз коргоол боюнча төрт окуучу даярдап келгем.Анын үчөө байгелүү орундарга жетишишти.

Арасында келечеги кең,келечектеги мыкты спортчулар да бар экен»-дейт Нурсултан Асанбеков.

Бул өтүп жаткан спартакиадада күч сынашып жаткан окуучулардын да оюн угуп көрдүк:

«Мен,Жан-булак айылынын 11-классынын окуучусумун. Биз спартакиадага волейбол оюну боюнча келгенбиз.Оюндун жүрүшү жакшы болуп жатат. Бардыгы биз ойлогондой»-деп билдирди каарманыбыз.

Кошумчалай кетчү нерсе, 1-2-орунду алган окуучулар спартакиаданын райондук туруна катышышат. Бардык жаш спортчуларды жеңиши менен куттуктайбыз! Келечекте мыкты спортчулар болушуна тилектешпиз!

 

 

Даярдаган:Гулшат Бейшекова,Жамал Уланбек кызы

«Мыкты макала сынагы үчүн »