“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аманбай Кайыповдун Учкун айыл аймагындагы иш сапары

18 Апрель 2019 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 76

Нарын областынын ыйгарым укукту өкүлү Аманбай Кайыпов Учкун айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.Алардын жүрүшүндө элеттиктер турмуш тиричилигиндеги жана айыл чарбачылыктагы айрым маселелерди которуп чыгышты.

Аларды оңой эле чече салуу оңой эместигин ачык айткан облус башчысы, быйылкыга билгиленген олуттуу жумуштардан маалымат берди.Анын айтымында жыл аягына чейин  Куланак айылында кичи ГЭСдин курулушу башталмакчы,ошондой эле айылда сугат жана ирригация системасы жакшыртылмакчы.

Аманбай Кайыпов Учкун айыл аймагына эмне максат менен келгени тууралу буларга токтолду:

«Мындай жыйындарды жылыга жаз күз откоруп жүрөбүз,айыл тургундар менен жолугуп, көйгөйүн угуп,суроо жоопторду алып,кандай маселелерди көтөрүшөт.Жазында талаага жакшы сапаттуу үрөндөрдү сээп,ошолорду сугарып,дарылап,күзүндө мол түшүм алсак бул дагы жакшы,малдарыбызды жайытка чыгарышыбыз керек,күпкөгө салышыбыз керек,ошолордун баарын тең элибиздин артынан боло турган нерсе да.Кээ бир маселелер жеринен чечилип,өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган маселе болсо өкмөткө кайрылып.Бүгүн эми 7-8суроолор берилди, ошолордун кээ бирин чечтик,кээ бирөөлөрү бюджетке кирчү маселелер бар экен жана мектептерди, бала-бакчаларды мыйзамга транфарматция боюнча мыйзам каралып аткан маселелер бар экен.Быйыл президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү»жылы деп жарыялаган анан биздин областа дагы бир топ иштер жүрүп атат»,-деди ал.

Ошондой эле Теңир-Тоо жергесине ички инивесторлорду каржылык колдоонун аркасында, 594 миллион сомдук иштердин жасалгандыгы дагы айтылды.

Жергиликтүү жашоочулар айылдык клуб,орто мектеп тууралуу маселени көтөрүшуп, аны кайра куруу үчүн же аны оңдоп түзөө үчүн каражат бөлүп берүүнү суранышты.Ошондой эле 70 үй бүлөө мамлекеттен жер сурашып,10 гектар аймакты трансфармациядан өткөрүп берүү үчүн жогорку кеңешке кайрылуу жөнөтүүнү суранышты.

Мындан сырткары Куланак айылында 54 түтүн үй бүлөө таза сууга муктаж экенин,ал жерге өзгөчө кырдаалдын кызматкерлери коопту деп табышып,дамба казышкан,ошондон бери суу чыкпай, айыл тургундарынын айласы кетип жаткан учур.Бул маселе боюнча облустук башчысы жеринен көрүп, өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына тапшырма берди.

Ушул сыяктуу бир катар жергиликтүү деңгээлдеги маселелер көтөрүлүп,айрымдары жеринен чечилип,ири каражат сарптала турган маселелерди өкмөткө жөнөтүлөөрү айтылды.

Редактор:Дилде Шатанова

Автор:Болот кызы Альбина ,Эсенгулова Жаркынай