“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Дүйнөлүк китеп күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү

25 Апрель 2019 жыл 19:08
Көрүүлөрдүн саны: 557

«Китеп- билим булагы, билим өмүр чырагы» демекчи 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп» күнүнө карата Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде бир катар иш чаралар болуп өттү.

23-апрель Китеп күнүнө карата А.Аралбаев атындагы орто мектебинде тарбия берүү максатында иш-чаралар, ачык сааттар, сынактар жана башка саамалыктар болду.

Биринчилерден эле болуп башталгыч класстар тарабынан даярдалган чакан линейка болуп өттү. Анда китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар жана ошондой эле дүйнө жүзүндөгү эң чоң жана эң кичине китеп жөнүндө айтып беришти.

Андан соң жогорку класстын окуучуларында да ушундай саамалык болуп өттү.

9-б классынын чакан линейкасында «Китеп дүйнөсүнө саякат» мультфилимин чагылдырышты.

Саамалыктын катышуучусу 9-классынын окуучусу бизге төмөнкүдөй маалымат менен бөлүштү:

«Мен Рахманова Нуржамал, А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 9б-классында окуйм. 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнунө карата биздин класстын эмгеги менен даярдалган линейка койдук. Даярдык кичине аз болгондуктан чакан эле болуп калды. Бул иш чарада мен өзүмө коп нерселерди ала алдым. Рахмат» -деди ал.

Ушул эле мектептин уюштуруучу мугалими Чынара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду:

«23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Аралбаев орто мектебинде ачык сааттар, линейкалар, конкурстар болуп өттү.  План боюнча көргөзмөлөр да болду. 5-6 класстар арасында атайын өз колдорунан жасалган китепчелердин көргөзмөлөрү да болду .

Мен ойлойм окуулар өзүнө көп жакшы маалыматтарды алды деп. Ал эми бул жылы башка жылдардан айырмасы 5 класстан баштап 11класстарга чейин көргөзмө куралдар конкурсу уюштурулду».

«Китеп окусаң, ааламга жол ачылат»демекчи баарыңыздарды китеп окууга чакырабыз.

Даярдагандар:Дилде Шатанова,Жаркынай Эсенгулова

«Мыкты макала» сынагы үчүн.