Бүгүн, 27-апрель күнү Куланак айылынын А.Аралбаев орто мектебинде окуучулар менен айылдын атактуу адамдары катышкан жолугушуу болуп өттү.
Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күмөндөр Абылов, Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев, Экономика илимдеринин кандидаты Токтогул Жумадилов, жазуучу жана санжырачы Бердикожо Бийназаров жана Куланак айылынын тургуну Аман Ипасов катышышты.
Аталган жолугушуу А.Аралбаев орто мектебинин окуучулары,мугалимдери жана айылдын сыймыктуу адамдары арасында болуп өттү.
Экономика илимдеринин кандидаты Токтогул Жумадилов жолугушуу тууралуу оюн төмөндөгүчө билдирди:
«А.Аралбаев орто мектебинин окуучулары менен жолугуп,көптөгөн пайдалуу кеңештерибизди бердик деп айта алам. Бул жолугушууга «Куланак Ынтымагы» коомунун мүчөлөрү келишти. Кыргызстандын Билим берүүсү башка өлкөлөрдүкүндөй эле өнүгүүсүн каалайм. Ошондуктан ар бир окуучу дайыма жакшы окуп кыргыз элине эле эмес,бүткүл дүйнөгө атагы чыккан окумуштуулардан болуусуна тилектешмин.»-деп билдирди Токтогул Жумадилов.
Ал эми Куланак айылынын тургуну,жазуучу жана санжырачы Бердикожо Бийназаров төмөндөгүлөргө токтолду:

«Мен өзүм Куланактын орто мектебин окуп бүтүргөм.Куланак айылына окуучулар менен баарлашып, алардын оюн угуу максатында уюштуруп отурабыз. Алдыда мындай жолугушуулардын көбү болот деген ойдобуз. «-деди Бердикожо Бийназаров.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгызбек Мамаевге суроо узатканыбызда мындайча жооп берди:
«Окуучулар менен жакшы маек курдук. Айылымды абдан сагыныптырмын. «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей окуучуларга өзүмдүн оюмду, акыл-насаатымды айттым. Мындан ары дагы келип турууга аракет кылам. Ушул айылдан көптөгөн таланттуу адамдар чыгат деген ишеничтемин. Окуучуларга кааларым чын ден-соолук, бакубат жашоо».
Ошондой эле Күмөндөр Абылов агай өз оюн мындайча билдире кетти:
«Мен, Күмөндөр Абылов ушул айылдын кулуну болом. Бул мектепти ийгиликтүү аяктап актёрдук кесиптин тандадым. Бул кесип менен азыркыга чейин эмгектенип келем. Мага бул жолугушуу абдан жакты. Анткени мен балалыгыма барган сыяктуу болдум. Окуучулар менен бирге маек куруп өз оюмду билдире алдым. Мага мектептин окуучулары абдан жакты.Өзгөчө тартиби, кийген формалары. Жана ошондой эле активдүү окуучулар экени көрүнүп турат. Мындан ары да убактымды бөлүп келип турууга аракет каалайм. Окуучуларга жана мугалимдерге ыраазычылык билдирем.»-деп билдирди Күмөндөр Абылов.
Жолугушуунун соңунда окуучулар өз суроолорун беришти жана ар бир суроо жоопсуз калган жок. Жана ошондой эле коноктор окуучулар үчүн мектептин китепканасына атайын китептерди белек кылышты .
Даярдаган: Гүлшат Бейшекова, Жамал Уланбек кызы.
«Мыкты макала сынагы» үчүн