“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Дин жана кыргыз элинин менталитети мыйзамга каршыбы?

15 Май 2019 жыл 18:31
Көрүүлөрдүн саны: 70

Азыркы убакта эрте никеге туруу эң бир олуттуу маселелердин катарында.Бул көрүнүшкө Куланак айыл элинин көз карашы кандай, ушул жана башка суроолорго төмөнкү макалада кененирээк токтолмокчубуз.

Баарыбызга маалым болгондой эле эрте никеге туруу мыйзамга туура келбеген иш.Мыйзам боюнча 18 жашка чыкпай, эрте үй бүлө куруу кылмыш болуп саналат.Бирок кээ бир учурларда дин жана кыргыз элинин илгертен калыптанган менталитети мындай көрүнүштөргө жол берип коюуда. Мына ушул учурдун эң бир олуттуу көйгөйү болуп жаткан эрте турмушка чыгуу, никеге туруу жөнүндө Нарын районуна караштуу Куланак айыл элинин көз карашын билүү үчүн чакан сурамжылоо жүргүздүк. Эрте турмуш курууга макулсузбу деген суроо менен биз 18 жашка чыга элек кыздардан жана балдардан төмөндөгүдөй жооп алдык. Айгүл Керим кызы өз оюн мындайча билдирди(каарманыбыздын аты-жөнү өзгөртүлдү):

«Мен бул көрүнүшкө толугу менен каршымын. Себеби эрте үйлөнүүдө биринчиден биздин психикабыз жана дене-мүчөбүз да даяр эмес болот, экинчиден буга мыйзам да жол бербейт. Эрте үй бүлө куруп алып бири-бирин түшүнбөстүктөр да көп болот. Анын аягы ажырашуу менен бүтөт.Мындай учурларда кыздын укугу да тебеленип калат десем да болот.Бирок баардык эле эрте турмуш кургандар ажыршып кетет дегенден алысмын.Кээ бирлери бири-бирин түшүнүп,жакшынакай эле жашап жатышат. Бул менин жеке оюм.»(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Айжан Өмүрбекова да өз оюу менен төмөндөгүдөй бөлүшө кетти:

«Туура, азыркы убакта эрте үй бүлө куруу олуттуу маселе.Мен буга толугу менен каршымын.Эрте никеге турууда биринчи кезекте кыздардын укугу тебеленип калат. Эмне себептен дегенде биздин менталитет ушундай.Үйдө эркек башкаруу керек жана башка ушундай нерселер каныбызга сиңип калган.Эрте турмушка чыккан кыз эне болууга да даяр эмес.Ошондуктан бойдон алдыруу да көп болуп жатат десем болот.»

Сурамжылоо бир тараптуу болуп калбашы үчүн ушундай эле суроо менен балдарга да кайрылдык:

«Менин жашым 18де. Мен деле башкалар сыяктуу эле бул көрүнүшкө каршымын.Эмнеге дегенде биз али үй бүлө багууга даяр эмеспиз.Андан сырткары менин оюмча үй бүлө куруу үчүн жашоодон да сабак алышың керек,тажырыйбаң болуусу керек.Азыр биз жашпыз.Бүгүн үй бүлө куруп алсак эртеңки күнгө эч ким кепилдик бербейт.Үй бүлөсүн бага албай кээ бирлер мигрант да болуп кетип атышат.Менин оюмча үй бүлө курууга 23-25 жаш туура.»(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)

Жогорудагы каармандардын айтып өткөндөрүн угуп көрүп «Мындай учурда аялдардын жана эркектердин укугун ким коргойт?»деген суроо менен  социалдык кызматкерлерге да кайрылууну туура көрдүк:

«Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын соц.кызматкери Алмагүл Бейшеналиевамын. Азыркы убакта эрте никеге туруу түйшөлткөн маселе.Үй бүлө эрте курууда көбүнчөсү аялдар зордук-зомбулукка көбүрөөк учурайт.Эмнге дегенде эрте турмушка чыгып алып,же иштеген иши жок,же окуган окуусу жок калат.Бул учурда үйдө күйөөсүнөн да кодулоо,басмырлоо болушу мүнкүн.Андан сырткары дал ушул эрте никеге туруунун себебинен жаш жубайлар мигрант болуп кетип жатышат.Ал эми биздин милдет зордук-зомбулукка учураган адамды коргоо,алар менен иш алып баруу.Азыркы учурда Куланак айылында андай эрте никеге туруу каттала элек. 11-классты бүтүп турмушка чыккан кыздар бар.Аларга барып документтерин текшеребиз,18 жаштан жогору болгондорго эч нерсе кыла албайбыз.Ал эми ала качуу болсо керектүү чараларды колдонуп,жабырлануучу тараптын укугун коргоо биздин милдет.» дейт Алмагүл эже өз сөзүндө.

Кээ бир учурда мындай окуяларга дин да жол берип коёт.Себеби мыйзамдуу түрдө эмес жөн гана нике кыйдырып жашап алгандардын да саны кур эмес.Дин кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыюуга макулбу жана башка суроолорго айыл имамынын орун басары Жаныбек мырза жооп берди:

«Бизде азыр мындай учурлар каттала элек.Эгерде эки жаш макул болсо,нике эч кимдин каршылыгысыз болуп жатса нике кыйып беребиз.Нике кыйып жатканда экөөнүн тең макулдугун алабыз.Эгерде бир тараптан каршылык болсо анда биз деле нике кыйып бербейбиз.»

Дин кызматкеринин эгерде экөө тең макул болсо нике кыябыз деген сөзүнөн улам буга мыйзам кандай карайт деген суроо жаралды.Ага мектеп мугалими жана социалдык педагог кыскача мындай маалымат берип өттү:

«Мен Нурипа Дондошова соц.педагог болуп эмгектенем.Эгерде жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйылса анда нике кыйган адам мыйзам алдында жооп берет.Бир эле ал адам эмес ошол окуяны билип эч кимге айтпай койгон кошуналары,туугандары да мыйзам алдында жооп беришет.»

Ошентип биз сураган адамдын баардыгы эле эрте никеге турууга каршы экендигин билдик.Баардыгы турмушту жакшы түшүнүп,үй бүлө багууга даяр мезгилинде үй бүлө курушса балким ажырашуулар да аз болот беле деген ойдо макалабызды аяктамакчыбыз.(айрым сүрөттөр интернет булагынан алында)

Даярдагандар:Альбина Болот кызы,Жаркынай Эсенгулова