“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак токой чарбасында көчөттөр отургузулду

16 Июнь 2019 жыл 20:16
Көрүүлөрдүн саны: 41

Жаз менен Куланак токой чарбасында 20 000 карагайдын жаңы көчөттөрү отургузулду. Бул көчөттөр 2016 — 2017 — жылдан бери Куланак жана Жан — Булак айылдарындагы питомниктерде эгилип, багылган
Куланак токой чарбасынын башчысы: Фархат Абдыжакыпов төмөндөгүлөргө токтолду:
Нарын токой чарбасы 4 бөлүмдөн турат. Нарын, Он – Арча, Кара – Тал, Куланак бөлүмдөрү болуп. Токой бөлүмдөрүнө жылына берилген план бар. Ар бир бөлүмдөргө 7 гектардан чуңкур казылып, 1 жыл мурун эле даярдоо иштери жүрөт.Кийинки жылы көчөттөр отургузулат. Былтыркы жылы күзүндө Жан – Булакка 5 гектар жер дайындалган, 1 жума мурун көчөттөр отургузулду. Куланактын Терек – Суу участогунун Тарашадан 6 гектар жерге чуңкурун дайындап жатабыз,бул жерге да кийинки жылы көчөттөр отургузулат
Буга чейин көчөттөр кандай тартипте отургузулчу эле деген суурообузга төмөндөгүдөй жооп ала алдык
2016 – 2017 – жылдарга чейин Нарын токой бөлүмүндө Калинин деген айылда Кайңды деген питомниктен алынып келчү, уругун Көлдөн , негизи жетпеген көчөттөр Көлдөн тартылып келчү. 4 жылдан бери Жан – Булакта “Жийде бак” деген питомник. Ошол жерге карагай өстүргөнгө жерин даярдап, өстүрө баштадык. Быйылкы жылы өзүбүздөн өндүрүлгөн 20 000 ашык көчөттөр отургузулду. Жаз менен уруктар себилди, кийинки жылдарга деп. Буюрса 2 жылдан кийин тиккенге жарап калат. Капчыгайлардын ичинен өзүбүздүн карагайлардан уруктарды чогултабыз.


Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Мыкты макала сынагы үчүн