“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын шаарындагы театырдын тушуна темир тосмолор орнотулду

22 Июнь 2019 жыл 14:19
Көрүүлөрдүн саны: 35

Нарын шаарындагы жолдогу кыймылды жөнгө салуу иштери жүрүүдө.Шаардын борборундагы Шуллер менен Абдумомуновдун көчөсүнүн аралыгындагы Лелин көчөсүнө чейин темир тосмолор коюлду.

Бул темир тосмолорду коюу үчүн жергиликтүү бюджеттен 253 миң сом каражат каралып, курулуш ишин Нарындагы «Элтехстрой» ишканасы жүргүзгөн.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул аракет жөө адамдардын жолду каалаган жерден кесип өтүп, авариялык абал жараткан баш аламан кыймылын жөнгө салып жол чырактан өтүүсүн шарттайт.

Маалымат катары айтсак кетсек,базардын айланасындагы жол кыймылын ирээтке келтирүү максатында Нарын шаардык мэриясы тарабынан жыл башында бир катар иш мерчемдери түзүлүп,четинен жүзөгө аша баштаган.Ошондой эле В.И.Лелин көчөсү менен Шуллер көчөсүнүн кесилишине бир комплект жол чырагы коюлуп,базардын айланасына 26 даана жол белгиси,жол чийиндери менен орнотулган.

«Жакында Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин алдына тратуар салынып,Сагынбай Орозбаков көчөсүнө жол чырагы коюлат»,-деп билдирди Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Даярдаган:Дилде Шатановна
«Мыкты макала сынагы үчүн»