“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын областында шырдак фестивалы өткөрүлдү

1 Июль 2019 жыл 19:36
Көрүүлөрдүн саны: 111

Нарын облусунда 9-жолу өткөрүлүп жаткан шырдак фестивалы кол өнөрчүлөр үчүн пайдалуу болду.Бул фестиваль кандай өткөндүгү жөнүндө баяндап бермекчибиз.


Тургундардын айтымында, фестивалга чет өлкөлүк туристтер дагы келип, шырдак алып жатышты.

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынан келген Айнура Тойгонбаева: «2 күн бою соодабыз жакшы болду. 16 жылдан бери жамаат болуп 12 аял иштейбиз. Бул жолку фестивалда шырдактарыбыз өтүп, сүйүнүп калдык. Туристтер дагы көп экен. Эсептеп көрсөм 40 миң сомго соода кылыптырбыз», — деди.

Ушул эле айылдан келген Кишимжан Жумабаева жыл сайын фестивалга калбай катышарын айтты.

«Кол өнөрчүлүк менен иштегениме быйыл 5 жыл болот. Жылда өткөн жарманкелерге калбай барам. Бул жолку шырдак фестивалда дагы соодам жакшы болду. 2 шырдакты 15 миң сомдон, 1 метрлик 2 килемди 2 миң сомдон саттым», — деди кол өнөрчү.


Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынан келген Орозобүбү Мамбеталиева: «Фестивалда 2 килем, ошондой эле унаанын комплектисин саттым. Туристтер келсе жакшы экен. Алар көбүнчө белекке берүү үчүн алышат. Ат-Башы жергесинде көп киши шырдак жасайт. Илгертеден бери ата-бабаларыбыз сактап келген кол өнөрчүлүктү жайылтууга аракет кылып жүрөм. Күзүндө бизде сезон болот», — деди.

Нарын облусундагы «Кыргызстан» кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Замира Мүсүралиева дагы фестивалда соода жакшы болгонун айтты.

«Сатык жакшы болуп, кол өнөрчүлөрдүн шырдак жана башка буюмдары өтүп жатты. Ар бир келген адам 10 миң сомдой акчага соода кылды деп ойлойм. Буйрутма бергендер дагы болду», — деди ал.

Автор:Дилде Шатановна
«Мыкты макала сынагы үчүн»