“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта «Кулатуу эр таймашы» өткөрүлдү

12 Июль 2019 жыл 22:43
Көрүүлөрдүн саны: 70

Нарын районуна караштуу Куланак айылында аймактарды өнүктүрүү жана манариптештирүү жылына карата «Кулатуу эр таймаш WEF 81 PROFIGHT 34» аталышындагы эл аралык турнир өткөрүлдү.Аталган турнирге Казакстан,Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мушкерлери дагы келип катышышты.


Бул турнирге Жогорку Кеңештин төрөгсы Дастан Жумабеков,Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов,Мирлан Бакиров,Улан Примов,Алтынбек Жунус уулу жана коомдук ишмер Бакай Өмүралиев,жергиликтүү тургундар жана башка коноктор катышышты.

Бул беттешти Куланак айылынан чыккан жеке ишкер Бакай Өмүралиевдин демилгеси менен уюштурулуп, спонсор болгон.

Иш-чаранын алкагында спортчулардын салмагы аныкталды.Мелдештин негизги бөлүгү кечки саат 17:00 башталды.


Иш-чара Кулатуу эр таймаш WEF федерациясы тарабынан уюштурулган.Турнирге жалпы 48 мушкер катышышты.


Жалпысынан 17-беттеш болуп,чемпиондук курга казакстандык мушкер Эрасыл Шукатаев жана кыргызстандык Адис Таалайбек уулу татыктуу болду.

Даярдаган:Дилде Шатанова