“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Өлгөн аары кайсы ооруга даба? Балчы Саамыйбек Султановдун жообу

26 Июль 2019 жыл 20:19
Көрүүлөрдүн саны: 111

Ат-Башынын ак балы сапаты жана өзгөчө даамы менен белгилүү. Үстүбүздөгү жылы Лондондогу тамак-аш көргөзмөсүндө Ат-Башынын ак балы мыкты деп табылган.


Ат-Башы районунун Биринчи май айылынын 31 жаштагы тургуну Саамыйбек Султанов аары челек менен гана иштеп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал балчылардын негизги көйгөйү — сатып өткөрүү экенин айтты.

Булар жаш баладан жаман

— Аары челек менен иштегениме 10 жылдан ашты. Башында кыйынчылыктар болду. Үйрөнүү, ишти алып кетүү оор экен. Сезон жакшы болсо 6-7 тоннага чейин бал алам.

Азыр бизде сатуу жагы кыйын болуп жатат. Сатылып жатат, бирок ортомчулар аркылуу арзан өтүүдө. Кеткен чыгымды эсептегенде 400-500 миңдин тегерегинде киреше түшөт. Чыгым билинбегени менен көп кетет. Мисалы, көчкөнгө, аарынын ар кандай дары-дармегине, жылы бою челектерди алмаштырууга сарпталат.

Мен 70 челек менен иштейм. Жайда тарткан балыбыз өтпөй, кышка чейин туруп калууда. Кээ бир балчылардыкы жазга чейин турат. 170 сомдон 210 сомго чейин сатып жүрүшөт.

Февралдан баштап августка чейин аары менен иштейбиз. Булар жаш баладан жаман. Убагында тамагын, дарысын берип карап туруу керек. Аарынын ичи өтөт, айтор кооптуу оорулары көп.

Кытайга ортомчулар аркылуу сатылууда

— Балчылар өткөрүү жагынан кыйналып жатабыз. Мен өзүм тарткан балымдын 4 тоннасын Нарындагы таттуу чыгарган кондитердик цехке өткөрөм. Калганы Кытайга ортомчулар аркылуу 200 сомдун тегерегинде кетет. «Нарын уюк» деген балчылардын уюму бар. Уюм балды сыртка чыгарууга аракет кылып жатат. Ат-Башынын ак балы деп кызыгып, бөлөк жактан көп сурап жатканын угуудабыз. Бирок бизге түз чалбайт экен. Алар деле болбой эле ортомчулар аркылуу алып жатат.

Өлгөн аары да дары болот

— Жаңы үйрөнүп жатканда бир байке мага «бал челекти өмүр бою үйрөнөсүң» деген. Ичимден мени шылдыңдап жатабы дедим эле. Бирок чын эле ошондой экен. Кудайга шүгүр үйрөндүм, бирок аябай жакшы билүү кыйын экен. Бал челек менен иштөө кызыктуу, дайыма жаратылышта жүрөсүң. Аары челектен чыккандардын баары ден соолукка пайдалуу. Мисалы, өлгөн аарыдан бери дары. Өлгөн аарыны аракка чылап, ашказан жарасына, суук тийгенде, муун ооруларына пайдаланышат.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов: «Балчылардын бирикмеси менен жылда чогулуш өтүп турат. Эгерде чет өлкөгө сатуу мүмкүнчүлүгү болуп калса баасы 500 сомго чейин барат. Райондук масштабда келишим түзө албайт экенбиз. Бирок биз сунуштарды бергенбиз», — деп кошумчалады.

Автор:Дилде Шатанова
«Мыкты макала сынагы үчүн»