“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Сайдан кол кармашып суу ташыган балдар же макамы жок айылдагы көйгөй

26 Июль 2019 жыл 19:18
Көрүүлөрдүн саны: 89

Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кирпич-Завод аймагында көп жылдан бери суу маселеси чечилбей келет. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы быйылкы жылдын жаз айында аталган аймакка «таза суу чыгарып беребиз» деп сөз беришкени менен ал убада аткарылган эмес.

Кирпич-Завод аймагынын тургуну Камчыбек Кыдыралиев жергиликтүү бийликтин элге берген убадасын аткарбаганына нааразы.

«3-4 жылдан бери суу маселеси боюнча кайрылып эле жатабыз. Президентке чейин кат жаздык. «Чыгарып берет» деген жооп келген. Ат-Башы районунун акиминин орун басары дагы былтыр келген. «Жаз келсе суу чыгарып беребиз» деген. Эл тажап бүттү. Айылдын жанында аккан кир суудан алып пайдаланабыз. Суу төмөн жайгашкандыктан балдар бири-бирин кармашып алып суу алышат. Кемпирлер маасы-көлөчүн чечип алып ташышат. Азап эле болду. Бир нерсе десек эле макамы жок айыл дешет. Кайда барарыбызды деле билбей калдык», — деди айыл тургуну.

Бекжан Кубатов аталган айылдын тургуну. Ал бөбөктөрү менен күн сайын сайга суу алууга келет. Суу тайыз болгондуктан кулап кетүүдөн сактанып, кол кармашып суу алышат.

«Сууга түшүп кетебизби деп коркобуз. Ошондуктан суу аларда кол кармашып алабыз. Ата-апаларыбыз жумушка кеткенде айла жоктон келебиз».

Ушул эле айылдын 62 жаштагы тургуну Сабира Айтбаева кир суунун айынан айылда көп адам ооруп жатканын белгиледи.

«1975-жылы ушул жерге көчүп келдим. Андан бери эле сайдан суу ташып ичебиз. Кышкысын кичине тунуп калат. Жайкысын ылай суу ичебиз. Бул суу 1 күндө араң тунат. Балдар ушул суудан ичип жатып эле ичи өтөт. Чоңдор өткөн жылы акча которулду, жаздан баштап сууга киришебиз деген. Убада беришкен, бирок ишке ашкан жок. Таза суу чыгарып беришсе жакшы болот эле».

Ат-Башы районунун акиминин орун басары аталган айылда быйыл суу чыгарын айтты.

«Жакында эле айыл өкмөт менен сүйлөштүк. 400 миң сом которулду, тендер өтүп жатат. Ал бүтсө эле суу чыгаруу иши башталат», — дейт Жумагул Тентимишов.

Автор:Дилде Шатанова
«Мыкты макала сынагы үчүн»