“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Быйыл чөп 200 сомго чейин кымбаттады

18 Август 2019 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны: 44

Ат-Башы районунун Казыбек айылында быйыл 2018-жылга салыштырмалуу тоют чөп кескин кымбаттап жатат. Бул себеп быйыл суунун тартыштыгынан болгон.

Маалым болгондой, айылда тоют чөптүн түшүмдүүлүгү начар болуп, бир боо чөп 170 сомдон 200 сомго чейин сатылып жатат.

Бул тууралуу кененирээк Казыбек айылынын тургуну Жумабек Токтакунов өз маегинде кененирээк айтты:

«20 гектар жер иштетем. Анын ичинде ижарага алган жерлерим да бар. Жылына 5 гектар жерге арпа айдайм. Үч жылдан бери эспарцет, беде өстүрөм. Мурункудай табигый чөптөр жылдан жылга чакпай баратат.

10 гектар жерди чаптырдым. Мурунку жылдары ушул эле жерден 2500 боо чөп алсам, быйыл 1500 боо чөп алдык. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл чөптүн чыгышы да начар. Табигый чөптөр андан да начар болуп жатат. Элдин кээ биринде чыкса, кээ биринде такыр эле чыкпай калган. Айылдагы элден деле угуп жатабыз, быйыл тоют начар болуп калыптыр. Анткени убагында суу тартыш болуп калган. Эл ошондон абдан кыйналды. Жаз айларында бул айылдын башында жаңы канал салынып, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондо бир аз убакыт суу кеч берилген. Чоң каналдын бери жагында Кошой деген арыгыбыз бар. Ал арыктан келген суу менен сугарымыш болдук. Ал эми Шырыкты, Таш-Рабаттан суу келбей токтоп калгандыктан суу тартыш болуп, чөп начар чыгып, чыкканы күйүп да калды. Баары суунун тартыштыгынан болду.

Эми чөп бышып калган учурда суу толуп батпай калыптыр. Бул жерден алган чөптүн малдан ашканын сатчумун. Былтыр 1 миң боо чөп саткам. Былтыр чөптүн баасы 150 сомдон сатылган. Ал эми быйыл 180-200 сомго чейин сатылып жатат. Талаада чөп начар чыккан учурда дароо эле кымбаттап калат. Бизде баарыбыз эле мал-жандык багуу менен эле алектенебиз. Малдарга чөп керек. Чөп кымбаттады деп малды таштап салууга да болбойт», — дейт айылы тургуну.

Автор:Дилде Шатанова