“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жумушсуз келиндер тигүүчүлүк сертификат алышты

18 Август 2019 жыл 12:49
Көрүүлөрдүн саны: 199

Ат-Башы районунун Казыбек айылы жана Жаңы-Күч айылдарындагы мамлекет тарабынан жөлөк пул алган келиндер бир айылдык окууну окуп,эл аралык сертификаттарга ээ болушту.Бул кыска мөөнөттөгү окуу Казыбек айылында өткөн.

Маалымат катары айта кетсек, бул сертификат менен чет өлкөгө барып, тигүү ишканаларында иштөөгө мүмкүнчүлүк болот.

Бул иш-чара айылдын жеке ишкери Ырысбек Шермамбетовдун чакан цехинде өткөрүлдү,мындан ары дагы сертификат алган келиндер ушул эле цехте иштээри маалым болду.

Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси, буларга токтолуп өттү:

«БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен айыл өкмөттөрү кыска мөөнөттөгү тигүүчүлүк окуу курсун уюштурган. Курс 21 күн мурун башталып, ага Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы жөлөк пул алган жумушсуз келиндер тартылган. Алар окууларын аякташты.

Мындан сырткары окууну аяктаган эжелер 3 кап ун, 15 литрден тамак-аш майын алышат. Ошондой эле 400 сом өлчөмүндө стипендия каралган. Окуу Казыбек айылынын тургуну Ырысбек Шермамбетовдун тигүү цехинде өттү. Аларды Нарында окутууну өнүктүрүү борбору аркылуу биздин эле айылдагы тигүү цехинде иштеп жүргөн, 17 жылдык тажрыйбасы бар Замира Мусаева окутту», — Эрмек Бактыгулов.

Учурда окууну аяктаган аялдарды жумуш менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө.

«Бул берилген сертификаттар эл аралык даражадагы документ. Чет өлкөгө чыгып, ушул сертификат менен тигүүчүлүк боюнча жумушка кыйынчылыксыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү чоң. Ар бир райондогу эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрү чет мамлекеттерге жумуш квоталары ачылган маалда ушул сертификатты алгандарды сунуш кылып жөнөтүшөт. Мүмкүнчүлүгү барлар барып иштесе болот», — деди Бактыгулов.

Автор: Дилде Шатанова