“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кайын атамдын колдоосу менен кыялым орундалды

20 Август 2019 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны: 283

Нарын шаарынын тургуну 2 жылдан бери жалаң гана айымдар үчүн буйрутма менен кийимдердин түрүн тигип келет. Каарманыбыздын кардарларынын басымдуулугун ишкер айымдар түзөт

Көп кырдуу таланттын ээси, 3 баланын мээримдүү энеси жана үйдүн мыкты кожейкеси Жийде Сыдыкова менен маек курдук.

“Мен бул тигүүчүлүккө бала кезимден тарта кызыгып келем. Эң алгач 9-класста өзүмө көйнөк тиккем. Ошол окуп жүргөн учурумда ар кандай айымдарга керектүү аксессуарларды дагы жасап сатып келчүмүн.Заказга сүрөт тартчумун​

2014-жылы турмушка чыгып балалуу болгондон кийин бош убактымда атайын дизайнерликти окугам. Анын ичинде көйнөк тигүү, бычуу, стиль тандоо, “Handmade” ар кандай аксессуарлардын түрүн, интерьер, сувенирлердин түрун, эскиз​ тартуу боюнча окуп, сертификат алгам.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Джал районунда үлпөт көйнөктөр салонун иштетип келем. Үлпөт, кече көйнөктөрдүн түрүн, күнүмдүк кийимдер, жоолуктар, жаш балдардан тартып, улуу муундагы аялдардын бардык кийимдерин буйрутма менен тигем. Кардарларымдын көбү ишкер айымдар. Негизи аял заты бири-бирине окшош кийгенди көп каалабайт эмеспи.
Ошондуктан, ар бири өздөрүнүн табитине, өзгөчө типтеги фасондорго буйрутма беришет. Кардарлар дагы ар кандай болот. Биринин табитине жакса, бирине жакпай калат, кээ бири буйрутма берип туруп жок болуп кетишет.​
Андан сырткары, бөлмө ичтерин жасалгалайм. Бул боюнча эч кандай окуудан өтпөй эле өздөштүргөм»,-дейт ал

Жийде бул кыялындагы иш менен алектенип калганына кайын атасынын колдоосу чоң экенин баса белгилейт.
«Дагы бир айта кетчү нерсе, жолдошумдун ата-энеси атам, апам мени өз кызындай көрүп колдоп турушат. Кайын атам Шамен Марасулов аябагандай чоң колдоо көрсөткөн. Мени​ шыктандырган адамым десем жаңылышпайм. Дайыма мен кыялдарымды атама айтып бөлүшчүмүн. Атам дагы мени өз кызындай жакшы көрүп, кеңештерин айтып, кыялымды орундатты. Бул тигүүчүлүк ишимдин планын түзүп, атама көрсөткөм. Эртеси мага колдоо көрсөтүп тигүүчү​ машина жана башка керектүү жабдыктары менен белек кылган. Атамдын бул белегине аябай сүйүнүп, ыраазы болуп, өзүмө болгон ишенич эки эсе күч алды. Ошондон бери максаттарыма жетүүгө аракет кылуунун үстүндөмүн”,- дейт ишкер айым.

Каарманыбыз аялзаты депрессия учурунда эмне кылуу керектигин өзүнүн башынан өткөн окуясын мисал кылып берди.
«Учурда 2 кыз 1 уулдун апасымын. Үй-булө менен жумушту чогу алып кетиш бир аз оор болот экен. Жолдошум менен ар бир кылган ишимди колдоп турат. Аялзаты төрөттөн кийин көбү үйдөгү кыйынчылыктын артынан депрессияга кабылат. Андан чыгуу үчүн өзүнүн жакшы көргөн иши менен алек болуп, алдына чоң максаттарды коюу керек. Дайыма жаңылануу, изденүү, аракет кылуу зарыл. Мен бул абалдан чыктым деп эсептейм. Балдарымдын удаа төрөлүшүнөн мен дагы өзүмдү таштап, депрессияга кабылгам. Убагында өзүмө ишенип, колго алып ийгиликке жетишем деп максат койгом. Бул нерсеге мага ар турдуу тренингдер, ийгиликтүү адамдардын кеңеши таасир берген»- дейт Жийде Сыдыкова

Мындан ары дагы ишине ийгилик каалап, дүйнөгө таанымал ишкер айымдардан болушуна тилектешпиз.

Маектешкен: Дилде Шатанова