“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Ынтымак кербени» Нарында

30 Август 2019 жыл 19:36
Көрүүлөрдүн саны: 73

29-августан баштап, 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы жана 31-август «Эгемендүүлүк күнүнө» карата облус жетекчилеринин демилгеси менен областар аралык «Ынтымак кербени» старт алган.Келген коноктор Нарын облусунун тарыхый жайларында саякатташууда.

Ар бир аймактан ардактуу аксакалдар, жаштар, энелерден турган делегациялар «ЫНТЫМАК КЕРБЕНИ» болуп, башка облусттарга сапар жасоодо.

Анын алкагында 29-август күнү Баткен облусунан Нарын облусуна делегация келген.

Алар азыркы учурда Ат-Башы районундагы Таш-Рабат жана Кошой- Коргон тарыхый комлекстерине саякат кылышууда.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарга татыктуу тарбия берүү, эл биримдигин бекемөө тууралуу пикир алышуулар болууда.

КРӨнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Автор:Дилде Шатанова