“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Облус боюнча тоют чөптүн баасы жылдагыдан кымбат

31 Август 2019 жыл 20:33
Көрүүлөрдүн саны: 72

Быйыл Нарын облусу боюнча чөптүн баасы былтыркыдан кескин түрдө өзгөрүп 170 сомдон,200 сомго чейин жетти. Буга себеп быйыл күндүн ысыктыгыган суу тартыш болуп чөптөр куурап калгандыгында жана малдын да көбөйүшү болууда. Нарында тоют чөптүн баасы күн санап өсүүдө.

Нарын облусу илгертен мал чарбачылык менен алектенип, башка облустан айырмаланып мал киндиктүү деп эсептелинет. Ошол себептен малга тоют камдоо ала жаздан башталып кеч күзгө чейин жүрөт. Облус тоолу аймак болгондуктан кээ бир райондордо чөп жыйноо 1 эле жолу жыйналат, ал эми 2 жолу жыйналган райондорго Кочкор району гана кирет. Нарын, Ак — Талаа райондорунун кээ бир гана айылдарында 2 жолудан тоют чөптөрү жыйналат.

«Быйыл талаада чөп жакшы өскөн жок. Бир гектар жерден 150-200 боо чөп чыгарчу элем. Чөп аз өскөндүктөн бир гектардан болгону 100 боо чөп алдым. Бизди — сатуучуларды деле түшүнсө болот, чыгымдарды жабышыбыз керек. Азырынча биринчи чабык чөптү 170 сомдон жогору сатып жатабыз. Мисалы, табигый чөп же аралашкан чөптүн баасы 170 сомдон, эспарцет, бедени 180 сомдон жогору сатып жатабыз. Экинчи чабык чөптү 185 сомдон алып келип жатышат», — деп билдиришти Нарын шаарындагы чөп базарындагы сатуучулары.

Былтыр базарда чөптүн бир түгү 110 сомдон 140 сомго (орточо) чейин бааланган.

Ат-Башы районунун Казыбек айылында быйыл 2018-жылга салыштырмалуу тоют чөп кескин кымбаттап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, айылда тоют чөптүн түшүмдүүлүгү начар болуп, бир боо чөп 170 сомдон 200 сомго чейин сатылып жатат.

«20 гектар жер иштетем. Анын ичинде ижарага алган жерлерим да бар. Жылына 5 гектар жерге арпа айдайм. Үч жылдан бери эспарцет, беде өстүрөм. Мурункудай табигый чөптөр жылдан жылга чакпай баратат.

10 гектар жерди чаптырдым. Мурунку жылдары ушул эле жерден 2500 боо чөп алсам, быйыл 1500 боо чөп алдык. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл чөптүн чыгышы да начар. Табигый чөптөр андан да начар болуп жатат. Элдин кээ биринде чыкса, кээ биринде такыр эле чыкпай калган. Айылдагы элден деле угуп жатабыз, быйыл тоют начар болуп калыптыр. Анткени убагында суу тартыш болуп калган. Эл ошондон абдан кыйналды. Жаз айларында бул айылдын башында жаңы канал салынып, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондо бир аз убакыт суу кеч берилген. Чоң каналдын бери жагында Кошой деген арыгыбыз бар. Ал арыктан келген суу менен сугарымыш болдук. Ал эми Шырыкты, Таш-Рабаттан суу келбей токтоп калгандыктан суу тартыш болуп, чөп начар чыгып, чыкканы күйүп да калды. Баары суунун тартыштыгынан болду.

Эми чөп бышып калган учурда суу толуп батпай калыптыр. Бул жерден алган чөптүн малдан ашканын сатчумун. Былтыр 1 миң боо чөп саткам. Былтыр чөптүн баасы 150 сомдон сатылган. Ал эми быйыл 180-200 сомго чейин сатылып жатат. Талаада чөп начар чыккан учурда дароо эле кымбаттап калат. Бизде баарыбыз эле мал-жандык багуу менен эле алектенебиз. Малдарга чөп керек. Чөп кымбаттады деп малды таштап салууга да болбойт», — дейт Казыбек айылынын тургуну Жумабек Токтакунов.

Кочкор районунда 1 таңгак чөп 160 сомго бааланууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи чабык чөп жыйналып бүттү. Тоют жылдагыга салыштырмалуу аз.

«Быйыл Кыргызстан боюнча чөп аз. Мындай абал Кочкор районунда да болууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу тоют аз болуп калды. Шамшы айылында сугат суусу тартыш болгондуктан, чөптүн көпчүлүгү күйүп кетти. Айыл тургундары коңшу айылдардан чөп сатып алып жатат», — деди алар.

Нарын районунун Куланак, Учкун, Жан — Булак айылдарынан Нарын шаарынын базарына чөп байма бай барып турчу. Быйылкы жылы тоют аз көлөмдө болгондуктан чыгымдарын жабуу үчүн гана аз өлчөмдө саттык. Антпесек өзүбүздүн малга жетпей калганы жатат. Чөп кымбат аны жеген малдын баасы өтө арзан. Багып жаткан малдарыбызд деле өзүн өзү актабай калып жатат — дейт Куланак айылынын тургуну Атай Өмүрбаев.
Алдыда экинчи чабык чөп 200 сомго чейин сатылышы күтүлүүдө. Кыш узак болсо чөптүн баасы мындан да көтөрүлүшү мүмкүн.

Даярдаган: Дилде Шатанова