“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарындыктар сыймыктанган эки жигит

3 Сентябрь 2019 жыл 19:41
Көрүүлөрдүн саны: 76

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана орун басары Жаркын Ибраева 2-сетябрда спортчуларды кабыл алды. Непал шаарында волейбол боюнча өткөрүлгөн Орто Азия чемпионатында Кыргыз Республикасынын курама командасында оюн көрсөткөн эки нарындык оюнчуну кабыл алды.


Алардын жеңиши жалпы кыргыз элин кубандырганын баса белгилеп, кийинки оюндарда дүйнөнүн чемпиону болушун каалады. Айрыкча курама команданын катарында эки нарындык жигитке теңиртоолуктардын алкышы мол экенин айтып, өзүнүн жана өкүлчүлүктүн аппаратынын атынан ыраазчылыгын билдирди.

Курама команданын оюнчулары Азамат Жумабеков менен Муса уулу Темирге облус башчысы Аманбай Кайыпов 10 миң сомдук сертификат жана өкүлчүлүктүн ардак громатасын тапшырды.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Дилде Шатанова