“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жаңы окуу жылында жаңы мектеп

3 Сентябрь 2019 жыл 19:34
Көрүүлөрдүн саны: 151

Бүгүн, 3-сентябрда Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагындагы Мантыш айылында жаңы салынган мектептин ачылыш аземи болуп өттү.Бул мектептин ачылышына облус башчы Жогорку Кеңештин төрагасы катышты.

Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастан Жумабеков, облус башчысы Аманбай Кайыпов, саясий ишмер Медеткан Шеримкулов, «Ассанабилл» кайрымдуулук фондунун өкүлү Недал Кумдил жана бир катар бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, лентасын кесишти.


«Ушул жаңы салынган мектепке Таалайбек Курткаевдин аты ыйгарылгандыгы эң туура болгон. Мен бул инсанды жакшы таанычу элем. Эл дегенде ичкен ашын жерге койгон адам эле. Көзү өтүп кетсе да, анын жубайы Майрам Байтерекова фонд түзүп, мектептин салынышына чоң демөөрчү болуп берди»-деди, төрөга. Өз сөзүнөн соң, жаңы мектепке куру кол келбегенин айтып, билим уясына 6 компьютер тапшырды.

Мындан сырткары Медеткан Шеримкулов баш болгон ишкерлер билим уясына акчалай белектерин, окуу китептерин беришти.

Буга чейин Мантыш айылында мектеп жок болгонуна байланыштуу эки жүз сексен окуучу Кызыл-Дөбө айылына барып келип окушкан. 2018-жылы Араб өлкөсүнүн «Ассанабилл» кайрымдуулук фонду тарабынан жүз миң АКШ доллары берилип, капсуласы салынган. Андан соң, «Таалайбек Курткаев» атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан да акча бөлүнүп, жалпы суммасы эки миллион алтымыш сегиз миң эки жүз сомго 250 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.

Бүгүнкү күндө мектепте 280 окуучу билим алып, 20 мугалим эмгектенип жатат.

Автор:Дилде Шатанова