“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Футболдук аянтча окуучуларга эшигин ачууга даяр

11 Сентябрь 2019 жыл 19:55
Көрүүлөрдүн саны: 98

Нарын районуна караштуу А.Аралбаев орто мектебинде окуучулар кичи футбол аянтчасынын ачылуу аземине даярдык көрүп жаткан кези.Көптү күттүргөн аянтча тууралуу биздин макаладан окуй аласыздар.

Сөз башында эле Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонбек Өмүралиевди кепке тарттык:

«Кичи футбол аянтчасы айылдагы керектүү объект болуп саналат. Зарылчылыктар келип чыккандыктан жаштар уюмунун жардамы жана айыл элине марафон өткөзүү менен башталган. Биз азыркы учурда Өнүктүрүү Саясат институту менен бирге иштешип, долбоор аркылуу 1 000 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. 1 000 000 сомго аянтчанын түздөө иштери, синтетикалык материалдар алып келинди. Долбоордун жана айыл тургундарынын жардамы менен бүгүнкү күндө кичи футбол аянтчасы ачылуу астында турат.

Ал эми сөздү улай А.Аралбаев орто мектебинде чарбалык иштеринин орун басары болуп эмгектенген Рахат Орозакунов төмөндөгүлөргө токтолду:

«Футбол аянтчасынын курулуп башталганына 3 жыл болду. Бул аралыкта орто мектептин окуучулары жана тех.кызматкерлери күчүбүз келишинче жардам берип жаттык»-деп билдирди каарманыбыз.

Аталгандай эле ар бир мектеп окуучусу аянтчанын ачылышын чыдамсыздык менен күтүүдө жана кубанычтарында чек жок.

Футбол оюнун кызыгуу менен ойногон 9-классынын окуучусу Нурсултан:

» Биз мурун шарты жок аянтчада ойносок, эми заманбап футбол аянтчасында ойнойбуз. Биз бул күндү абдан чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз.»- дейт жаш футболчу.

Даярдаган:Гүлшат Бейшекова

«Мыкты макала «сынагы үчүн