“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында комуз күнү белгиленди

11 Сентябрь 2019 жыл 21:12
Көрүүлөрдүн саны: 44

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында 10-сентябрда комуз күнүнө арналган чакан линейка болуп өттү.
Бул линейка комуз ийримине катышып келе жаткан окуучулар тарабынан уюштурулду.

Окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Абдылда Аралбаев орто мектебинин комуз ийриминин мугалими Салымбекова Кундуз өз оюн мындайча билдирди.
«Мен Салымбекова Кундуз комуз ийриминен сабак берген мугилим болом.Биз бул линейкага жогорку деңгээлде даярдандык.Азыркы убакта окуучулар өз алдынча комуз чертүүгө үйрөнүп калышты.Ар кандай күүлөрдү чертүү адамдын ден-соолугуна абдан пайдалуу.Окуучулар келечектеги мыкты комузчулардан болот деген ойдомун
«деп билдирди Кундуз Салымбекова
(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)


Бул ийримдин катышуучусу Жузупов Кутман биз берген суроолорго мындайча жооп берди.
«Мен 6-а классынын окуучусу болом.Комуз ийримине катышып келе жатканыма 1 жыл болду.Кичинекей кезимден эле музыкага жакынмын.Ошондуктан комуз ийримине катыштым.Мага комуз черткен абдан жагат.Көптөгөн сынактарга катышкым келет.Өнөрүмдү өркүндөтөм деген ойдомун»

Ушундай эле мектеп окуучусу Арналиев Нурбол өз оюн мындайча билдирди.
«Мен 6-класстын окуучусу болом.Атым Нурбол бул ийримге катышканыма абдан кубанам, анткени бош убактымды пайдалуу нерсеге коротом десем болот.Комуз чертүү менен биз байыркы күүлөрдү үйлөнөбүз.Комуз кыргыздын улуттук аспабы болгондуктан чертүү абдан ыңгайлуу.Мектепте комуз ийрими өркүндөсө деген ойдомун.
Даярдаган: Жамал Уланбекова
«Мыкты макала» сынагы үчүн