“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Коомдук ишмер, саясатчы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин утурлай

15 Сентябрь 2019 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны: 174

Турдакун Усубалиев башкарууда турган мезгилде Нарын районуна караштуу Куланак айылына «Куланак» насостук станциясын курдурган. 1968 — жылдан берки кызматта болгон насостук станция тууралуу сөз болмокчу


Куланак насосун курдуруу үчүн Т.Усубалиев жана ошол кездеги айыл чарба министрлигинин орун басары Тельман Сарыбаевдын эмгеги зор

1968 – жылы курулуп, ишке берилген

Куланак насосунун узундугу 37 км түзөт, Насос ишке киришкенден кийин 5081 гектар дың жерлер бузулуп ишке кирген.
КАНАЛдын суусу Куланак,Учкун, Жылан — Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылып, каналдын аркасы менен малдын жайыттары, эгин талаалары оңолгон.

Убагында Куланак айылына өзү келип эгин талаалары менен таанышып кеткен

Сүрөт «Атанын уулдары» китебинен көчүрүп алнынды
“КУЛАНАК НАСОСУ” толук кандуу бүтүп, ишке киргизилгенден кийин 1976 – жылы КССР өкмөтүнүн ӨТМӨ КЫЗЫЛ ТУУСУн Куланак колхозу жеңип алган

Башта айтылган “КУЛАНАК НАСОСУ” бүгүнкү күндө да толук кандуу иштеп, Нарын районун тоют чөп менен камсыз кылып келет. Насостук станцияда бүгүнкү күндө 10 кызматкер эмгектенет.
материалды даярдоодо маалыматтар тарых мугалими Таалай Нурдиновдон жана Насостук станциянын директору Марс Жусуповдон алынды.
Сүрөттү тарткан: Жаркынай Эсенгулова
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева