“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Турдакун Усубалиевдин раритет унаасын Бакай Өмүралиевге буйруду

25 Октябрь 2019 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 63

Кочкор районунда Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы Нарын районунун Куланак айылынан чыккан “Бадырак” фирмасынын жетекчиси Өмүралиев Бакай Асылбековичке берилди. Унаа 43 жылдан бери айдалбай Абдылдаев Жуманасырдын гаражында турган.


Бул илгерки унаа көпчүлүктүн кызыгын арттырып, талашка түшкөн. Ошого карабастан унаанын ээси райондук бизнесменге берүүнү чечкен.

Раритет унааны белек кылган Жуманасыр Абдылдаев менен маек курдук:

— Жуманасыр Буларович, Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы сиздин колуңузга кандайча тийип калды эле?

— Ал кезде “Газ-69” үлгүсүндөгү унаа абдан барктуу машина эле да, жакшы иштегеним үчүн 1983-жылы менчикке чыгарып берди. Аны жигули «шестеркага» көңүлдөнүп алмашайын десем, ыраматылык атам «Турдакун Усубалиев оңой киши эмес, эч кимге алмаштырба» деп койгон, ошондон бери 43 жыл өттү, дагы деле үйдө токтоп турат.


— Негизи кызматтык унаага кайсы жылдары берилген?

— Кызматтык унаага менден мурунку Кочкор райондук Колхоз аралык курулуш уюмунун башкармасы Жамакеев Жумакадыр Жамакеевичке 1972-жылы берилиптир. 1978-жылы жумуштан кетип мен Кочкор райондук Колхоз аралык курулуш уюмунун башкармасы болуп калдым. 1983-жылы менчикке чыгарып алдым.

— Унаа ошондон бери айдалбай, токтоп турабы?

— Ооба, айдалган жок, гаражда эле токтоп турду.

— Ушунча жылдан бери эч кимге бербей сактап келиптирсиз, азыр башка бирөөгө кандайча берип жатасыз?

— Мен машинаны бере турган Бакай деген жигит менин күйөө балам менен жолдош экен, жакшы жигит деп уктум, элге кызмат кылган, Кочкор районундагы мекемелердин бирине машина берип, колдоо көрсөтүп, өз аракетин көрсөтүп жатыптыр. Турдакун Усубалиевдин кылган эмгектерин баалап, элге жайылтып кызмат кылат деп ойлоп, атайын ушул жигитке берип жатам.

— Буга чейин акчага сатып алам дегендер болдубу?

— Азыр Кыргызстандын көп жеринде эл алтын чайкап жүрбөйбү, ошол жерге колдонгонго сурашты, себеби, алтын чайкаганга күчтүү экен. Алтын саткандар көп жолу сатыңыз деп көп акча сунуштап келишти. Бирок, тарыхый машина болгондуктан берген жомун. Эл-жер үчүн эмгектенип жаңы өсүп келе жаткан жигитке тарыхты унуткарбай ишеничти актап жүрсүн деп ишенип берип жатам. Өзүм көп жыл облуста, райондо курулуш мекемелерин жетектеп иштегем, азыр райондук социалдык коргоо башкармалыгында эмгектенип келем.

Ал эми унааны белекке алган Бакай Өмүралиев буларга токтолду:

-Мен бул унааны мага берип,мага буйруганына абдан сүйүнүп отурам.Буга чейин менде бул унаа мага тиет деген ой келген эмес,абдан ыраазымын ушинтип элге,жерге кызмат кылган бала,өнүгүп-өссүн деп мага ишенип берип жатканына.Буюрса муну оңдотуп,жууп тазалатам, 43 жылдан бери айдалбай турган машине экен.

Даярдаган: Дилде Шатанова