“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кочкордо билим уясы ачылды

26 Октябрь 2019 жыл 20:20
Көрүүлөрдүн саны: 122

Кечээ 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Арсы айылында «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулган 150 орундуу орто мектеп пайдаланууга берилди.Бул мектептин ачылышына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков,Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жана Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Аль Магду,»Ассанабил» кайрымдуулук фондунун директору Мухаммед Рахматулла жана башка Кувейт мамлекетинен келип ачып беришти.


Кочкор районунун Семизбел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы орто мектептин эски имараты 1960-жылы ашар жолу менен курулган. 2016-жылы авариялык абалда экендиги тууралуу корутунду чыгып, 2018-жылдын ноябрь айында «Ассанабил»кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен мектептин курулуш иши башталган.

Мектептин курулушунун жалпы сметалык баасы 120 миң долларды түзүп, 100 миң доллары Кувейт мамлекетинин демөөрчүлөрү тарабынан каржыланган. Калган 20 миң доллар каражатты өздүк салым катары жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев колдоп берген. Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан мектеп имаратынын айланасын тосууга 250 миң сом каражат жумшалган.

Ачылыш аземде облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов демөөрчүлөргө Теңир Тоо элинин атынан терең ыраазылык билдирип, билим уясынын акжолтой болуусун тилек кылды. Ошондой эле учурда облустагы 17 мектепте Өкмөт тарабынан курулуш иштери жүрүп жаткандыгын, дагы 6 мектеп авариялык абалда экендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков да демөөрчүлөргө ыраазычылык жолдоп, мектеп жамаатына ийгилик каалады. Муну менен катар Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берип жиберген компьютерлерди тапшырды.

Мектептин ачылышында Кувейт мамлекетинен келген коноктор Кудайдын ыраазычылыгын алуу жана мусулман бир туугандарга болгон боордоштук сезим менен бул жердеги балдарга бактылуулук тартуулоо максатында демөөрчүлүк кылышкандыгын, мындай иштерди дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да ишке ашырып келишкендигин билдиришти.

Бул күнү Кочкор районуна келген меймандар сентябрь айында ишке берилген Мантыш айылдык орто мектеби менен да таанышып чыгышты.

Буга чейин Мантыш айылындагы 280ден ашык мектеп окуучулары 3 чакырым алыстыктагы Кум-Дөбө айылындагы мектепке жөө каттап окуп келишкен.

Калктын бул көйгөйү «Ассанабил» жана жергиликтүү «Таалайбек Курткаев» атындагы кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен чечилип, быйыл жаңы окуу жылында 225 орунга негизделген мектептин имараты салынып пайдаланууга берилген.

Курулуш ишинде «Ассанабил» кайрымдуулук фонду 100 миң, «Таалайбек Курткаев» атындагы фонд 150 миң доллардан ашык каражат жумшашкан. Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан дагы 450 миң сом берилген. Натыйжада мектеп ашкана, спорт аянтчасына чейин толук жана сапаттуу бүткөрүлүп, керектүү эмеректер менен жабдылган.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор:Дилде Шатанова