“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Турдакун Усубалиевге арналган сүрөт көргөзмөсү

31 Октябрь 2019 жыл 7:30
Көрүүлөрдүн саны: 53

30-октябрда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин жаркын элесине арналган атайын бурч жана бул улуу инсандын тарыхый жана урунттуу учурларын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

<img src="https://kulanak.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/29/2019/10/FB_IMG_1572443731104.jpg" alt="" width="720" height="540" class="alignnone size-full wp-image-5190" /
Коомчулуктун катышуусундагы бул саамалыкты Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов ачып, Турдакун Усубалиев кыргыз элинин багына жаралган улуу инсан экендигин, ал жетектеген чейрек кылым ичинде Кыргызстандын бардык тармагында болуп көрбөгөндөй өзгөрүү, өнүгүү болгондугун, анын жаркын элесин жана эмгектерин түбөлүккө калтыруу, жаш муунга жеткирүү максатында атайын бурчу жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулганын белгиледи.

Иш чарада Турдакун Усубалиевдин замандаштары, үзөңгүлөштөрү анын өлкөбүздүн тарыхындагы алмаштыргыс ордун, калтырган эмгектерин, адамдык касиеттерин эскеришти.

Борбордук аянттагы Турдакун Усубалиевдин сүрөт аллеясында кызыккан адамдар үчүн маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Сүрөт көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрына чейин коюлат. Жыйынтыктоо иш чарасында Турдакун Усубалиев тууралуу викториналык суроолорго так, туура жооп берген катышуучуларды белектер күтөт.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор:Дилде Шатанова