“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кыргыз милициясына 95 жыл

1 Ноябрь 2019 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 75

Бүгүн 1-ноябрда Нарын районунда Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине жана ички иштер кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.Салтанаттуу иш-чараны Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов ачып берип, коомдук тартип сакчыларды куттуктады.


Бул иш-чара салтанаттуу түрдө горнизондук парад менен ачылды.Буга чейин иштеп ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер дагы келип катышышты.



Облус жетекчиси өз сөзүндө Кыргызстандын укук коргоо тармагынын сыймыктуу таржымалында Нарын облусунун ички иштер кызматкерлеринин жана арлагерлеринин кошкон салымы жана орду бийик экендигин баса белгилеп,


алардын эл кызматындагы түйшүктүү жана жооптуу ишине ийгилик каалады.


Ошондой эле ардагерлерге жана алдыңкы кесип ээлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын тапшырды.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Автор: Дилде Шатанова