“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

6 Ноябрь 2019 жыл 19:23
Көрүүлөрдүн саны: 42

Кечээ 5-ноябрда Нарын районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип,ага Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жалпы маданият кызматкерлерин куттуктап өттү.Бул салтанаттуу иш-чара М.Рыскулов атындагы драма театрында өткөрдү.

Эмилбек Алымкулов өз куттуктоосунда, илим менен техника өнүккөн бүгүнкү цивилизациялуу коомдогу элдин руханий маданиятын калыптандырууда театрдын, китепканалардын, музейлердин, маданият бөлүмдөрүнүн, искусство мектептеринин ар биринин өзүнчө бийик ролу бар экендигин баса белгилеп өттү.

Улуттун улут катары сакталып калышы–анын маданиятынын өнүгүшүнөн көз каранды экендигин, бул жагынан алганда Нарын облусунун маданият кызматкерлери өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошуп жатышкандыгын айтуу менен аларга ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалады.


Ошондой эле алдыңкы маданият кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыгын тапшырды.

Иш чарада майрам ээлерине Кыргыз Республикалык маданият министрлигинин, Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Кесип бирликтер уюмунун куттуктоолору жана башка көптөгөн каалоо-тилектер арналып, сыйлыктар ыйгарылды.


Маданият кызматкерлеринин арасында салт катары өткөрүлүп келген спорттук мелдештин жыйынтыгы да ушул күнү чыгарылып, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан белектер берилди.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Автор: Дилде Шатанова