“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айдана: Менде болгону акыркы 500 сомум бар эле… Айылдан чыккан азамат!

13 Ноябрь 2019 жыл 16:31
Көрүүлөрдүн саны: 72

Канчалык жашоосунда кыйын күндөр өтсө дагы, баардык тоскоолдуктарды жеңип, жашоосун көркө боегон адамдар аз эмес. Анысы кандай өз ийгилигине ишенип чет жердин дамын татып жүргөн кызыбыз Айдана менен маек курдук…

-Саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Менин атым Айдана Айбекова. 1998-жылы 26-мартта Нарын районуна караштуу Куланак айылында туулгам. Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепти аяктагам.

-Мектеп учурундагы жетишкендиктериңиз тууралуу айтсаңыз?

-Мектепте окуп жүргөндө эле активдүү кыздардан болуп, сабакты жалаң “беш” деген баалар менен бүттүм. Окуу менен биргеликте мектептеги парламетинде да иштедим. Жана ошондой эле “Акмарал” бий тобунда дагы бийлеп көп ийгиликтерди жараттым десем да болот.


-Мектепти аяктаган соң, кайсыл жакка тапшырдыңыз?

-Мектепти аяктаган соң, “кайсыл жакка тапшырсам?”, деп көпкө ойлондум. Биринчи эле МВД академиясына тапшырдым. Ал жакка өткөндөн кийин, үйдө атам каршы чыкты: “кыз кишиге бул кесип туура келбей калат,” деди. Ошол себептен мен ал жактан кайра документтеримди алып кетүүгө туура келди.
Андан кийин мед академияга тапшырайын десем, “ал жакка акча менен өтөт же болбосо кызыл атестат керек” дегенинен ал жакка да тапшыра албай калдым. Анан Эл аралык Кувейт жөнүндө угуп, ошол жакка барууну чечтим. Кудай жалгап ал университет менин жашаган үйүмө дагы жакын жайгашкан экен. Бардым да, кесип тандоого келгенде өтө кыйналдым. Менежмент жагына тапшырып өттүм. Бирок ачыгын айтканда, келечекте кайсыл жумуш менен алектенээримди өзүм түшүнгөн жокмун. Бир жыл окуп ал кесип жакпай калды, бир жыл ичинде абдан кыйналдым. Себеби, ал жакта баардыгы арабча болгондуктан, үч жылдын ичинде толук үйрөнө алган жокмун.

-Сизди эмне өкүндүрөт?
Менин эмнеге жиним келди? “11-жыл жакшы окуп, ОРТдан жакшы балга жетишип анан ушул контракка тапшырдымбы” деп өзүмдү күнөөлү сезип, “ата-энемен акча сурабайын” деп кошумча жумуштарда иштеп жүрдүм.

Өлкөгө чыгууңузга ким түрткү берди?

Менин группалаш кызым бар эле Айгерим деген. Бир күнү өз сунушун айтып калды. “Чет жерге чыккың келбей элеби, Германияга бир программа менен кетирип атыптыр, бирок курс окушуң керек экен.

Анан?
Немец тилин үйрөнүшүң керек” деди. “Au Piar” деген программа экен. Анан ал айткан курсуна жазылдым. 1000 сом беришим керек эле, менде болгону акыркы 500 сомум бар эле, ошону берип калганын кийинчээрек берейин деп, болбой көгөрүп атып жазылып алдым. Курсту 3 ай окудум.

Ал жакта экзамен бердиңизби?

Кийин экзамен тапшырдым . Ал дагы өтө оор болду. Экзамен тапшырганга дагы 5миң сом акча төлөдүк, анын жыйынтыгы үч күндө чыкты. Үч күн мен үчүн тозокко айланды. Кийин үч күндөн кийин мага өттүң деген кат келди.
Алар мага Германиядан үй-бүлөө издей башташты. Бирок мага Россиялык үй-бүлөө туш келди алар 30-жылдан бери ошол Германияда жашашат экен, Германиянын жарандыгы болушуптур. 4 баласы бар, күйөөсү абдан жакшы жумушта иштейт, аялы балдары менен үйдө. Ал үй-бүлө мага өтө жакты, адамдарга кылган мамилеси сылык экен, мени өздөрүнүн кызындай мамиле жасашты. Эң кыйын болгон нерсе виза маселеси болду. Анткени виза тапшырганы барганда консуль жок экен, кайра бардым. Алар чакырып экзамен алам дешти. Бир немец киши экен, ал суроолорду берди. Мен немец тилин өтө жакшы билем деп айта албайм, бирок, билем анан ал киши менен маектешип бүткөндөн кийин “кете бер, биз сизге чалабыз” , деп койду. Бир жумадан кийин мага чалышты: “визаңызды келип алып кетиңиз” дешти. Визаны алгандан кийин, Германияга билет сатып алдым.

Ата-энеңиз менен коштошуу кыйын болсо керек?

Атам менен бир туугандарым менен коштошуп кеткенге дагы үлгүргөн жокмун. Нарынга барганга дагы жетишпей калдым
Учурдагы жаңылыктарыңыздан бөлүшсөңүз?
Азыр болсо курска барам немец тилине . Азыр болсо мен жөн гана тил үйрөнүп жер көрүп жатам келгениме алты айдан ашты ,алты айдын ичинде Францияга,Италияга,Тосканага,Чехияга,Австрияга бардым бул мамлекеттер мага аябай жакты.
Маегиңизге рахмат!

Маектешкен:Дилде Шатанова