“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын облусу боюнча көмүрдүн учурдагы баасы канча?

22 Ноябрь 2019 жыл 20:43
Көрүүлөрдүн саны: 101

Кыш кылычын кармап босогодо турганда Нарын облусунун эли үчүн кышка даярдык көрүү маселеси негизги орунда болушу шарт. Ал эми 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине облустун экономика тармагына жана калкына 97 миң 284 тонна көмүр отуну керектелээри болжолдонсо, анын 75 миң тоннасы калкка, 22 миң 284 тоннасы бюджеттик мекемелерге тартылат.

Бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иши Жумгал районунда 98 пайызга, калган райондордо жана Нарын шаарында 100 пайызга аткарылды.

Ал эми калкты көмүр отуну менен камсыздоо боюнча Нарын облусунун басма сөз катчысы билдиргендей,облустун аймагында 68 көмүр кампасы уюштурулган. Учурда 41 кампада 4636 тонна көмүр бар. Райондор боюнча алсак, Ак-Талаада 13 кампада 1236 тонна, Ат-Башыда 8 кампада 2330 тонна, Жумгалда 3 кампада 150 тонна, Кочкордо 5 кампада 3200 тонна, Нарын районунда 10 кампада 275 тонна, Нарын шаарында 2 кампада 145 тонна көмүр сатыкта турат. Мындан сырткары Нарын шаарында жеке ишкерлер тарабынан 9 соода түйүнүндө 332 тонна көмүр отуну бар.

Көмүрдүн бир тоннасынын баасы Ак-Талаада 2800-3000, Ат-Башыда 3500, Жумгалда 1800-2600, Кочкордо 3200, Нарын районунда 3600, Нарын шаарында 3500 сомдон болууда.

Тиешелүү кызмат адамдарынан түзүлгөн комиссия көмүр сатып жаткан жеке жактардын тараза, көрнөк-жарнактар сыяктуу керектүү жабдуулар менен камсыз болушун көзөмөлгө алууда.

“Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт” дегендей, эми Нарын жергесине күн жааса эле кыш түшөт.

Андыктан облусубуздун калкын кыш камылгасын эртерээк көрүп, көмүр отунун камдап алууга чакырабыз.

Автор: Дилде Шатанова