“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси кичи мекени Кочкор районунда жыйынтыкталды

22 Ноябрь 2019 жыл 20:24
Көрүүлөрдүн саны: 85

Бүгүн, 22-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган маданий иш чара өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Нарын областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей салтанаттуу иш чаранын ачылышы Ж. Абдыкалыков атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү.Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу тууралуу документалдык фильм жана театрлаштырылган көрсөтүү менен башталды.

Мааракелик жыйынды ачкан Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов залкар инсандын мааракеси республикалык жана облустук деңгээлде жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, бүгүн кичи мекенинде жыйынтыкталып жаткандыгын белгиледи.


Салтанаттуу иш чарада куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Турдакун Усубалиевичтин улуулугун, келечек үчүн жасаган иштерин бийик баа берүү менен белгилеп, “Адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө. Турдакун Усубалиев сыяктуу эмгек сиңирген ар бир адамдын салымы өз баасын алат. Ал элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, республиканын бардык жашоочуларын бириктире алган. Черчиллдин сөзү менен айтканда: «Саясатчы – шайлоодон шайлоого чейинки аралыкты ойлойт, ал эми мамлекеттик ишмер–жалпы элдин келечегин ойлойт». Турдакун Усубалиев ар дайым элдин келечегин ойлогон. Биз дагы ушундай принциптерди карманабыз»”,-деди.


Мындан кийин Кыргыз Республикасынын депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Жапаров, Т. Усубалиевдин замандашы Эмилбек Абакиров, Т. Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев улуу инсаныбызды эскерип, анын асыл касиеттерине, артында калтырып кеткен эмгектерине токтолушту.

Салтанаттуу жыйындан кийин Кочкор айылында Турдакун Усубалиевдин музейинин жана эстелигинин курулушуна капсула салынды.

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата Кочкор районундагы Көк-Жар орто мектебине залкардын ысымы ыйгарылып, ушул эле мектептин спорт жана жыйындар залынын, ашканасынын курулуш бүткөрүлгөн. Ошондой эле Өкмөт тарабынан райондун борборундагы “Чолпон” кинотеатрына 15 миллион сом бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Автор: Дилде Шатанова