“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылы 16 күндүк акцияга активдүү катышты

10 Декабрь 2019 жыл 20:55
Көрүүлөрдүн саны: 56

Нарын районуна караштуу Куланак айылы: үй — бүлөлүк зомбулук, гендердик теңсиздик темаларында тегерек столдорду, кыска метраждуу фильмдерди, линейкаларды, түз эфирлерди уюштурууда активдүү катышышты

Жогоруда аталган саамалыктарды Куланак жамааттык мультимедиа борбору тарабынан жана жамааттык ЖМКлардын Бирлиги менен биргеликте ишке ашырды.

Алгач эле айыл өкмөтүндө «Аялдарга, кыздарга карата болгон зордук — зомбулук жана гендердик теңсиздикке каршы аракеттебиз» аттуу аталышта тегерек стол 14 — ноябрда болуп өттү

көптөгөн талкуулар жаралып, бир жылдык иш план иштелип чыкты

Андан жалпы ата — энелер чогулушунда «коргоо ордери» жөнүндө маалымат берилип, «Элеттик айымдар», «Сияпат», «Космос курган кыздар» аталышындагы видеолор 26 — ноябрда А.Аралбаев мектебинде көрсөтүлдү





28 — ноябрда Социалдык кызматкер Алмагүл Бейшеналиева, үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Гүлзамира Чүкүшова, мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гулнур Солтобаева жана айылдык аялдар кеңешинин төрайымы Таалайгүл Токсобаева менен биргеликте фейсбук баракчасында түз эфир уюшулду

Опубликовано Куланак медиа Четверг, 28 ноября 2019 г.

Куланак жамааттык мультимедиа борбору А.Аралбаев атындагы орто мектебинде жайгашкандыктан кандай гана иш чаралар өтпөсүн кыска метраждуу видеолор көрсөтүлүп жатты.

Ал эми 12 — декабрда «Биз зомбулуксуз үй — бүлөдө, мектепте, коомдо жашаган келечек ээлерибиз» аттуу аталышта чакан линейка болуп өттү. Линейка окуучулар зомбулуктун түрлөрүн атап беришти. Мээге чабуул үчүн баштаганда эле видео ролик менен башталды


линейкада чакан ценка, ырлар окулду. Баарынан кызыгы кыздар ак кайың ырына бий бийлешип, бийдин аягында
«Мен зомбулуксуз жашагым келет
Али эрте жоолук салынганга» деген сөздөр менен бийлерин аякташты.

Акцияны өткөрүүдө таркатма материалдар жана видеолор үчүн Куланак жамааттык мультимедиа борбору демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирет

даярдаган : Айзат Түмөнбаева