“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын облусунун 42 айылында таза суу долбоору ишке кирет

10 Декабрь 2019 жыл 13:34
Көрүүлөрдүн саны: 68

Бүгүн, 10-декабрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өткөрүлүп, анда Нарын облусунун аймагындагы ичүүчү суу маселесине байланышкан мыйзам долбоорлору талкууланды,бул тууралуу Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары: Нурбек Алибеков, Алмаз Акматов, Муктарбек Айнакулов, Абылкайыр Узакбаев, ошондой эле тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Нарын шаарынын мэри, акимдер, айыл өкмөт башчылары, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын төрагалары катышты.

Күн тартибинде Нарын облусунун жергиликтүү жамааттарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана тазалоочу курулмалардын абалы; “Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоорун талкуулоо жана башка маселелер каралды.

Комитеттин төрагасы Нурбек Алибеков Президенттин алдына койгон максаты 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыздоо болуп, анын негизинде жакшы иштер жүрүп жатканын, Жогорку Кеңештин комитетинин көчмө жыйынын жеринде өткөрүүнүн максаты Өкмөттүн таза сууга байланышкан долбоорлорун жеринде карап, эртерээк ратификациялоо, көйгөйлөрдү жеринде көрүп жана Азия өнүктүрүү банкынын долбооруна кирбей калган айылдарды киргизип, киргендерин эртелеп ишке ашырууга түрткү берүү экендигин билдирди.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев баяндамасында белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында республиканын 24 шаарында жана 653 айылында таза суу, саркынды суу курулмаларын ондоп, калыбына келтирүү жана жаны курулмаларды куруу камтылган. Анын ичинде Нарын облусунун 42 айылы Азия Өнүктүрүү банкынын “Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү” долбооруна киргизилип жатат. Долбоордун жалпы наркы 32,9 миллион долларды түзөт. Анын ичинде Азия Өнүктүрүү банкынын насыясы 13,7 миллион доллар, ал эми Азия Өнүктүрүү фондунун гранты 13,7 миллион доллар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу 5,5 миллион доллар.

Көчмө жыйында ушул долбоорду ишке ашыруудагы көйгөйлүү жагдайлар, ошондой эле Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан “Нарын шаарынын таза суу канализация системасын реконструкциялоо” долбоорун улантуудагы тоскоолдук жараткан факторлор жана суу маселесине байланышкан бир катар маселелер талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаттары айтылган маселелерди чечүүгө, ишти жылдырууга аракет жасалаарын билдиришти.
Автор: Дилде Шатанова