“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жаш жеткинчектин максаты

14 Январь 2020 жыл 20:12
Көрүүлөрдүн саны: 171

Кыргызстан боюнча түп көтөрүлүп, “китеп окуу жаркын келечек” — деп чакырык кылган жаштардын арасына Куланак айылы да кадам таштады. Бул долбоорго жетекчилик кылган айылдын жаш тургуну Адамис Таалайбеков менен маек курдук

А.Аралбаев атындагы орто мектебин 9 класска чейин окуп кеткен Адамис 2001 – жылы Куланак айылында төрөлгөн. Үй бүлөөдө беш биртууган, үч байкеси бир иниси бар. Атасы Дөөлөтбаев Таалайбек, апасы Абдырахманова Жаңылбүбү. Адамистин долбоорго кантип келип калышын өз оозунан уксак.

Мектепти 9-класска чейин окуп, аяктап Нарын шаарындагы эки жылдык мөөнөттөгү Нарын медресесине окууга тапшырдым. Нарын медресесинин 1-курсун жакшы жетишкендиктер менен бүтүп, Бишкек шаарындагы Байтил академиясынын 1-курсуна которулуп азыркы учурда окуумду академияда улантып жатам
Менин бул “Бир адамдан бир китеп” долбоорун Куланак айылына уюштуруума түрткү болгон “Нарын медресеси” жана учурда окуп жаткан “Байтил” академиясы. Себеби бул окуу жайларда мага сабак берген агайларым жана бизге жол көрсөткөн Нарын облосунун казысы Мамбетасан Ибраев агайым мага эң мыкты үлгү болуп тийгизген таасири жана “Эмне үчүн китеп окушубуз керек” атту китеби менин китепке болгон мамилемди өзгөртүп, көзүмдү ачты, жана кызыгуумду өрчүттү.

Ошондой эле ата энем, бир туугандарымдын колдоосу дем күч берди, менин китептерди көп окушума түрткү болду. Өзүм эле китеп окуубастан жалпы элди китеп окууга чакыруу максатында жана азыркы күндөгү эң курч көйгөйлөрдүн бири болгон китеп окуу маданиятынын жоктугун жана балдардын китептен алыс өсүшүн жоюу, келечек муунга жол көрсөтүү.


мектеп окуучуларына кулактандыруу кылып жаткан учур

21 – кылым технологиянын кылымы болуп жаткан учурда, китеп окуунун кажети барбы?
Азыркы учурда китептин ордун мультимедиялык, технологиялык каражаттар ээлеп. Маалымат алуу булагы китеп эмес телевизор интернет болуп калды. Китеп цивилизациясы артка кетип , экран цивилизациясы күчүнө кирип, учурдун адамдары маалымат булагы катары интернетти, телевизорду же чөйрөсүндөгү адамдарды колдонуп жатат. Бирок алардан алынган маалымат көбүнчө учурда чындыкка дал келбестен , ушак түрүндөгү маалыматтар болуп саналып калышы мүмкүн. Башкача айтканда адамдын аң-сезимин өстүрө турган маалыматтар эмес, тескерисинче, адамдын оюн булгай турган «таштанды» маалыматтар болуп калды. Ал эми китеп окуу адамдын интелектисинин жана сезимдеринин толук кандуу өнүгүүсүнө жардам берет. Китепти көп окуган адам өз алдынча өнүгүү жана жөндөмдөрун туура колдонуунун жолдорун окубаган адамдарга караганда жакшы билет. Ал эми көп окубаган адамдын маданий тажрыйбасы аз болуп, тили гана жарды болбостон , аң сезими жана жашоого болгон коз карашы тайкы болуп калат. Эң жөнөкөй мисал, кичине балдардын жомок окуусун жана ошол эле жомокту экран аркылуу көрүүсүн салыштырсак, китептен алган пайданы экрандан ала албайт. Китеп окуган учурда баланын ой жугүртүүсү , фантазиясы өрчүйт. Ал эми экрандан көрүү баланын фантазиясын чектейт, даяр нерсеге көндүрөт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн кандай кадамдарды таштап жатасыз?

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын топ түздүм. Ал топто азыркы учурда мектепте окуп жаткан классташым Жолдошбеков Назымбек жана чогу окуп 9-классты аяктап, учурда Нарын шаарында окуп жаткан класташтарым Сарыкулов Бектур жана Абакиров Турат болуп иш алып барып жатабыз. Бул долбоор Куланак айылында ишке ашат деп толук ишенебиз себеби мектеп мугалимдери жана окуучулар айыл жаштары жана жалпы эл толугу менен колдоого алды. Жеке эле айыл тургундары эмес айылдан сырткары шаарда жана башка жерлерде жашаган Куланак айылынын кулундары колдоо менен китептерди сатып алып берип жатышат жана ошондой эле спонсорлор катарга кошулуп китеп алып берип жатышат

Долбоордун жүрүшүн Куланак жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маал маалы менен чагылдырып турууга аракет кылып турат. Жайылтуу максатында соц тармактарга кулактандыруулар жана кайырылуулар старт алды.

маектешкен: Айзат Түмөнбаева