“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Музду тоңдуруу абдан чоң аракетти талап кылды

16 Январь 2020 жыл 19:43
Көрүүлөрдүн саны: 124

Нарын районуна караштуу Куланак айылында:көптү күттүргөн муз аянтчасы балдардын купулуна толуп,айыл тургундарынын эс алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө

Кычыраган кыштын суугуна карабастан жаш жеткинчектердин, көк жылгаяк үстүндө ойноп жүргөндөрү

Жылгаякты иштетип жаткан Куланак айылынын тургуну Болдубек Абдыраимов байке бошобой жаткандыгына байланыштуу кызынан маалымат алууга туура келди.
-Мен Болдубек кызы Мырзайым Куланак айылынын тургуну болом. Биздин бул муз аянтчаны ачуубуздун себеби:атам күз мезгилинен бери ишке ашырууну ойлоп жүргөн. Мына эми ошентип бул күнгө да жеттик.

Жылгаякты тоңдуруу бизге абдан оор болду. Биринчиден атам жерди түздөп чыкты. Башында музду тоңдуруу абдан чоң аракетти талап кылды. Себеби кар жука болчу.

Азыркы учурда келип-кеткен кардарлардын саны көбөйүүдө . Жана ошондой эле айыл тургундарынын купулуна толуп,ыраазы болуп кетишүүдө-деп өз сөзүн аяктады . (каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)
Андан соң биз эс алууга келген кыздардын бири менен маектештик.
-Саламатсыздарбы! Менин атым Болотбекова Айдайым. Азыркы учурда Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусумун. Бүгүн биз классташ кыздар болуп, атайын сабактан кийинки убактыбызды бөлүп. Көк жылгаяктын үстүндө ойноого келгенбиз. Мага бул жер абдан жакты,купулга толоорлук экен. Муз аянтчасын айылдаштарым көпкө күтүшкөн. Мына эми ушинтип ачылып кубаныч тартуулоодо. Жана биздей болгон окуучуларга жакшы шарт түзүлүп, бош убактыларында келип жылгаяк тээп кетишүүдө-деп Айдайым өз сөзүн аяктады.

Айылдан алыска барбай эле саатына 50сомдон төлөп, ойноп кетип жаткан айыл тургундарына абдан жакшы шарт түзүлгөн экен.
Даярдагандар: Кылычбекова Эркеайым
Эрнисбек кызы Сайкал