“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылдагы жумушсуздукту жоюунун бирден — бир жолу

20 Январь 2020 жыл 12:34
Көрүүлөрдүн саны: 54

Куланак айылынын тургуну, айылдагы жумушсуздукту жоюуга салымын кошуп, чакан кийим тигүүчү жай ачып иштетүүдө. Ишканага айыл тургундарынан кызматка тарткан

Биздин каарман Мээрим Арналиева 5 жылдан бери иштөө үчүн алыска кетпей эле, жашап жаткан үйүнүн бир бөлмөсүн чакан ишкана кылып ачып алган. Ишканага өзүндөй болуп, учурунда шаар кыдырып иштеп, келип кетип жүргөн кыз келиндердин башын бирик тирип жумуш менен камсыз кылып келет
Тигүүчү жайды ачууңузга эмне себеп болду?
Биринчиден эле балдарым. Аларды тыштап коюп иштөө мен үчүн оорчулук жаратты. Аларда менда сагынат экемин. Сарсанаада болосуң. Жаныма алайын десем шаарда жашоо кымбат. Тапкан тергениң күнүмдүк жашоодон артпай калып жатты. Ойлосом ушинтип кыйналып иштеп жүргөн айылдык кыз келиндерибиз көп экен. анан ошолордун башын бириктирип, 6 келин менен иштеп жатам.


Буйрутмаларды кайдан аласыз?
Бишкек шаарынан жана Нарын шаарынан алып турабыз. Ал жерден бизге даяр, бычылган кездемелер келет.Биз болсо жөн гана аларды бириктирип тигип, кайрадан шаарга салып жиберебиз . Албетте кийим тигүү абдан чоң эмгекти талап кылат. Айрым учурларда түнү менен иштөөбүзгө туура келет. Кандай кийимдер деп кызыгып турган болсоңуздар : көбүнчө декабрда корнавалдык костюмдарды жана кыздардын көйнөктөрүн. Ал эми жаз, күз мезгилдеринде жеңил курткаларга басым жасоого аракет кылабыз . Жана дагы жай мезгилинде жеңил көйнөк,шым жана башка кийимдерди көп тигебиз. Кыскасы мезгилге жараша келген буйрутманын баарын тиге беребиз.


Айлык акыңыз тууралуу айта кетсеңиз.
-Айлык акым канааттандыраарлык деп айта албайм. Албетте жашообузга жетет.Негизи бир кийимди 50сомдон тигебиз. Кээ бир учурларда андан төмөнда жогору да болуп калат. Эгерде биз шаарда иштегенибизде мындан эки эсе көп акча тапмакбыз. Бирок шаардан жашаган батирибизге, жол каттамдарына төлөгөнүбүздө, кайрадан ошол эле акчабыз чыгып калат.

Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
Буйрутмалар келбей калган учурларда балам менен кызыма кийимдерди тигип берем. Кээде туугандарым , досторум, кошуналарым келип кийимдерин тиктирип кетишет -деп өз сөзүн айяктады

Каарманыбыздын эмгектери

даярдагандар: Эрнисбек кызы Сайкал
Кылычбекова Эркеайым