“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Жума намаз үчүн шарт түзгөн

25 Январь 2020 жыл 20:07
Көрүүлөрдүн саны: 128

Куланак айылынын тургуну жума күндөрү гусул алчу адамдарга бекер мончо жагып берүүдө. Жана мунун себеби эмнеде экендиги тууралуу төмөндө кеңири баяндалмакчы

Саламатсызбы биринчиден өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

-Мен Эмиров Сыргак Куланак айылынын тургунумун. Азыркы учурда жеке ишкермин.

Жуунучу жай тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.
-Негизги бул мончону атам жана туугандарым, үй -бүлөм үчүн кургам. Алар күндүн ысык -суугунда, көбүнчө кыш мезгилинде алыска барып жуунганда абдан кыйналып калышчу. Ушул себептен мончону куруу ойума келген.

Жума намазга барчу адамдарды бекер жуунусуна шарт түзүп берипсиз, ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

-Чындыгында эле жума күндөрү, гусул алчу элдерге, таксырларга мончону бекер жагып берем. Убактысына токтолсом саат эртең мененки 10дон, 12ге чейин келип гусул алуучулар жуунуп кетишет. Көбүн эсе карапайым калк үйүндө жуунуга шарты болбогондуктан, айрым мончолорго акча төлөп жуунуга мажбур болушат. Ушул көйгөйдү да чечип бергим келди. Бирок менин эң биринчи максатым . Аллах Тааланын жана элдин ыраазычылыгын алгым келди. Канчалык көп сооп кылсаң ошончолук сага бейиштин эшиги ачылат эмеспи.

Кээ бир учурларда айылдаштарым заказ берип, акчасына келип тазаланып кетишүүдө.

1 саатка 60сом ал эми 1жарым саатка 80 сомдон төлөп кетишет.

Бул иш менен алектенгениме буюрса 1жылдын жүзү болду. -деп сөзүн аяктады. (Каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты )

Андан соң биз Куланак айылынын тургуну менен маектештик.

-Мен Бейшеналиев Дүйшөнбек Куланак айылынын тургунумун. Сыргактын азыркы учурдагы кылып жаткан сооп иштери тууралуу айта кетсем. Куланакта жалгыз гана Сыргактын эле жума күндөрү, жума намазга барчу, гусул алчу таксырлар акысыз жуунуп кетишет. Азыркы учурда мен намаз окуйм, бирок үйдөгү жумуштарыман бошобой калгандыгыма байланыштуу, гусул алуу үчүн ал жерге бара элекмин Кудайым буюрса жакынкы күндөрдүн биринде барып гусул алып кетем деген ойум бар.

Сыргактын ушундай жакшы, соопчулук үчүн кылган иштерине айылдаштар ыраазы болушууда. Эми дагы ушундай сооп иштерди жасаган адамдар көбөйүүсүн каалайм. -деп өз сөзүө аяктады (Каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты)
Соопчулук үчүн ушундай иштер, жыл санап көбөйө берсин демекчибиз.

Даярдаган: Эрнисбек кызы Сайкал