“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Дүйшөнбек атын эл билбейт

26 Январь 2020 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 140

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну, «Жылдын мыкты ишкери — 2019» наамынын ээси, күн — түн дебей кызматта болгон жеке ишкердин аты Дүйшөнбек.Бирок эч ким Дүйшөнбек аты менен аташпай Душка дешет.

Жолдо калган айдоочуларга кызмат көрсөтүп келген жеке ишкер Дүйшөнбек Бейшеналиевтин дөңгөлөк желимдөөчү жайы 24 саат бою кызматта. Себеби Куланак айылы тогуз жолдун томунда жайгашкан. Баетов, Тогуз Торо райондорун Нарын облусу менен байланыштырган жолдун боюнда жайгашкандыктан кардарлар үзүлбөйт.
Тапкан кирешениз кандай, жумушунуз озун озу актайбы?
Жумуш кучоп турганда, жайында 1500сомдон, 2000сомго чейин киреше түшөт. Кунумдук жашообузга жетет. Эн башкысы өзүмдүн ак эмгегим менен иштеп табам.

Жумушунуздун тынымы жок. Үй бүлөнүз, ата -энениз кандай карашат?
Ар дайым колдоп турушат. Тушкон каражатка жетишпеген бумдарды сатып алып жатабыз. Жакында эле Учкун айыл окмотунон «Мыкты ишкер-2019″диплому менен сыйландым? Жана дагы мен ойлойм эн чон жетишкендигим элге кызмат кылуум.
Иште колдонулуучу буюмдар кайдан алынып келинген?Алардын сапаты кандай?

Бизге керектуу буюмдардын баардыгы эле Кытай мамлекетинен алынып келинген. Сапаттары жакшы эле, азыр бардыгы тен эле иштейт

Келечекте алдыга койгон максатарыныз жонундо болушо кетсениз?
Келечекте алдыга койгон максатарым унаа ондоочу жайды кенейтсем деп жатам. Унаа ондоочу жайдын жанына унаанын майын алмаштыруучу жайын ачсамбы деген максатарым бар-деп каарман оз созун жыйынтыктады.

Учурда жеке ишкер өзүнүн гана үй бүлөсүн бакбастан 6 жылдан бери бир кызматкер алып,2 үй бүлөнүн каржы маселесин чечип келет. Ал эми айылдаштарынын жеңил желпи жумуштарын бекер эле жазап берет.
маектешкен: Бегимай Советова