“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Таяк таянып мектепке бара алмак эмесмин

26 Январь 2020 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны: 44

Өзүнүн кесиби боюнча мугалим, бирок ден соолугуна байланышту бир да жолу өз кесибинин ээси болгон эмес. Бирок 35 жыл китепканачы болуп эмгектенген.

Бош убактысын китеп окуу жана ыр жазуу менен өткөргөн Куланак айылынын тургуну Бүбү Кадыркулова бала чагында эле ыр дүйнөсүнө аралашканын жана эргүү келгенде гана ыр жазып коюп жүргөнү жөнүндө бизге маек курду.
— Саламатсызбы? Өзүңүздү кененирээк тааныштыра кетсеңиз?
Саламатчылык .Мен Кадыркулова Бүбү Токоевна. Тогуз -Торо аймагына караштуу Дөмө-Бөл айылында 1955 — жылы туулгам

— Ыр дүйнөсүнө канча жашыңызда келдиңиз эле?
-Мен 8-9 жашымда эле ыр жазчумун. Менин
оюмча өзүмдүн талантым. Чоң апам дагы ыр жазып калчу экен. Ошол себептен чоң апамды тартып, ыр жазып калсам керек.
Азыркы учурда эки кызым дагы ыр жазат.
-Биринчи жазган ырыңыз эсиңиздеби?
-Ооба эсимде бул ырымды апама окуп бергенде
«Сен жамакчы болосуңго» -деп аябай күлгөн. Ал ырым мындай:
Кемегенин түбүндө,
Чай кайнатам күнүгө.
Ойлогула баарыңар,
Убал барбы Бүбүгө.
-Мектепти бүткөндөн кийин, кайсы окуу жайга тапшырдыңыз эле?
— Арабаев университетине тапшырып. Ал жактан адабий сабагынан Кыргызстандын 50 жылдыгына карата 14 куплет ыр жазгам. Андан соң адабий иримге катышып жүрчүмүн. Бирок бутума операция жазаш керек болуп аягына чейин катыша алган жокмун.
-Эмне себептен операция жазаш керек болду?
— 10жашымда аттан кулап түшкөм. Ал учурда медицина жакшы өнүгө элек болчу. Анан бутумду туура эмес таңып салгандыгына байланыштуу жакшы айыкпай калган. Ошол себептен 13 жашымда операция жазатууга туура келди. 18-19 жаштарым да ооруканага жаттым.

-Окуу жайыңызды аяктагандан кийин эмне менен алектендиниз?
-Мен негизи өзүмдүн кесибим мугалим болчу таяк таянып мектепке
бара албайт эле. Ошондуктан Казарманда китепканачы болуп иштеп калдым. Толугу менен 8 жыл эмгектенгем. 4 жыл китепканачы болуп,4 жыл кетепкананын башкы директор болуп эмгектенгем. Анан Куланакка турмушка чыгып. Куланактагы китепканада 27 жыл иштегем.
-Көп жылдык эмгегиңиздин арты менен кандай ийгиликтерге жетиштиниз?
-Нарын облусунун «Ардактуу айымы» сыйлыгынын ээси, «А.Токомбаев» атындагы сыйлыктын лауреаты жана көптөгөн ардак грамоталары менен сыйлангам.

Азыркы учурда Нуржан кызым ыр жазат. Өзүнүн айылы Куланак жөнүндө ыр чыгарган:
Куланак
Эх Куланак, сүйгөн жерим сен белең,
Жүрөгүмдүн жартысына тең келген.
Атыр аңкып нур чачырайт тоолору,
Кең Куланак кереметтин борбору.

Сага болгон таза сезим ойлорду,
Жаратамын карап алып тоолорду.
Эске алып өтүп кеткен жылдарды,
Ойго түшөт чоң энемдин жомогу.

Балалык кез сенде жүрүп ойноду,
Таттуу күндү мезгил бизге койбоду.
Өзүң үчүн кандай иштер кылармын,
Колдон келсе ойдогу иш болгон.

Азыркы учурда көп жылдан бери чогултуп жүргөн ырларын жарыкка чыгарганга аракет кылып жатыптыр. Акындын ойлогон оюу ишке ашып ырлар жыйнагы жарык көрүшүнө тилектешпиз

Маектешкен: Алтынбек кызы Наргиз
Кылычбекова Эркеайым