“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Абдылда Аралбаев орто мектебинин жакшырышына ата-энелер көмөк көрсөтүүдө

25 Февраль 2020 жыл 19:52
Көрүүлөрдүн саны: 128


Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде ата-энелер,окуучулар жана мугалимдердин ойлору менен, окуучуларга кантип шарт түзүп беришерин чечүшүүдө. Жыйналышта мектепте билим алууда тоскоолдук жаратып келген 3 көйгөй аныкталды

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде ата-энелер менен чогулуш өткөрүлдү. Бул жыйналышта мектепте эмне жетишсиз жана балдардын окуусуна ынгайлуулук керектигин айтышты.
Мектептин шарты бар, бирок кээ бирлери окуучуларга жетишсиз же такыр эле жок болгондуктан кыйналып калып жатабыз дешти окуучулар.

Бул мектепте эмне жетишсиз деген көйгөйлөрдүн арасынан эн эле актуалду болгону 3 маселе аныкталды:
Технология, класстык парталар жана санитария.
Технология азыркы замандын учурунда окуучуларга кереги көп, бирок алып берүүгө каражат жетишсиз. Мектепте компьютер аздыгына байланыштуу компьютерде окуучулар жалгыздан отуруп иштей алышпайт. Компьютерден сырткары мектепте ноутбук дагы жетишсиз. Ушул эле нерселер окуучулардын ойлорунда:
«Эгер биздин мектептин шарты оңолсо окуганга дагы ынгайлуу болмок, бирок азыркы замандын талабына жараша биздин мектепке компьютерлер кененирээк болуп, интерактивный доскалар ар бир класска коюлат деген ишеничтебиз»- деген ойлорун калтырышты.
Экинчи маселе болуп класстык парталар. Өзү айтып жаткандай эле окуучуларга эн негизи керектуу нерсе болуп эсептелет. Бул көйгөйгө мугалимдер өз пикирлерин мындайда калтырышты:

«Мектептеги парталар жана столдор жетиштүү, бирок кээ бир парталардын эскилиги жеткендиктен, чекелер бөлүнүп калууда. Ал эми жаны парталар бир жылга жетет ашып кетсе эки жыл, мунун себеби эмнеде? Айтор, жасалып жаткан материалдан кетүүдө го дейбиз, ошондуктан эски парталардын жаныртууну суранабыз»- дешти мугалимдер.

Үчүнчү маселе санитария. Санитария мектепте бар, бирок ашканадан сырткары башка жерде жок болгондуктан окуучулар кээде суу ичип, кол жуучу жай таппай калышат. Мектепте эн биринчи эле тазалыкты сактоо керек. Бирок ошол нерсени ишке ашыруу учун мектепте шарт жок . Андыктан ар бир класска рокавина болбосо дагы, ашканадан сырткары 1,2 жерге санитария орнотуп берүүнү суранышат.

Бул жыйналышта ар бир ата-эне өз оюн толук түшүндүрүү менен маселени чечишти. Бирок Буга жалгыз гана ата-эне эмес, Нарын облусун дагы агахан фонду 200 мин сом акча болуп берүү менен каралашабыз дешти. Жана биздин үчүнчү маселе болгон санитария Куланак айылынын айыл өкмөтү тарабынан чечилгени жатат деп кабардады мектеп директору: Ч.Абдыкадырова. Ошону менен бир маселени ата-энелер чогулуп өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, араларынан колдоо табуу менен чечишерликтерин айтышты.
Жыйналыштын аягында мектеп директору Чынар Абдыкадырова:
Негизи эле мектептин демөөрчүсү бул ата — эне. Быйылкы жылы эмес ар дайым эле ата — энелер колдоп, мектептин техникалык базасын чыңдоодо көмөгү күч экенин баса белгилеп кетти.
Агахан фонду жана көмөкчү чарба (ата — энелер) менен биргеликте мектепке компьютерлер жана заманбап (интерактивный) доска алганга окуучулар жана ата — энелер бир добуштан колдоп беришти.

даярдаган: Анапия Айылчиева