“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтүндө жарык жок

2 Март 2020 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны: 73

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн свети 28-февралда кыркылган. Кыш мезгилинде светтин кыркылышынын себептерин кененирээк баяндайбыз

Учкун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Асанбаев Ишенбекке кайрылганда буларга токтолду

— Электр энергиянын өчүп калганынын себеби, биздин счетто акча турат. бирок негедир базасын ачып которо албай жатабыз. Январь февраль айынын жагылган свет үчүн акча каражатын которо албагандыктан өчүргөнгө дуушар болушту. Учурда айыл өкмөтү казынага барып күйгүзүүнүн аракетин кылып жатат. Өчүртпөй калуу үчүн болгон аракетибизди жумшадык. — дейт учурдагы башкы бухгалтер
Ал эми Нарын северо — электр тармагынын коммерциялык бөлүмүнүн жетекчиси буларга токтолду

«Учкун айыл өкмөтүнүн январь февраль айынын электро энергиясы пайдаланылганы учун 650000 сом карыз. Акча төлөнбөгөндүктөн кыркууга туура келди. Негизи буга калтырбай акча которулуш керек. Буга себеп башкы бухгалтер жумушка жаңы орношкону болуп калды.

даярдаган: Наргиз Алтынбек кызы