“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Закон алдында өзүнүн маалыматын жарыялоо

4 Март 2020 жыл 20:15
Көрүүлөрдүн саны: 58

Декларация тапшыруу мөөнөтү башталгандан бери салык төлөөчү жарандардын жумушу жылдан жылга жеңилдеп калганын Учкун айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси Саламат Жээналиев баяндап берди

Салык төлөө үчүн, жана декларация тапшыруу үчүн 2012 — жылдан Бери Нарын районуна баруунун кажети жок дедиңиз.Барбай эле декларация тапшыруу үчүн жарандар эмне кылуулары керек.
— «Акыркы жылдары баардык кыймылдын баары эле санириптешүүгө өтүп жатат. Бизде да салык төлөөчү үчүн айыл өкмөтүнө келип эле кадимкидей эле каттоодо турган мал, жер, транспорт салыктарын төлөп кетсе болот. Ал эми декларацияны тапшыруу үчүн электрондук каттоодон өтүп salyk.kg сайтына кирип ар бир жаран тапшыра алат»
— 2012 — жылдан бери электрондук каттоого канча пайыз айлдын калкы өттү?
Учурда калктын канча пайызы декларация тапшырды

— Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн салык төлөөчү жарандардын 80% электрондук патентке өттү. Февраль айынын аягына чейин жеке ишкерлер, мекемелер, дыйкан чарбалардын тапшыруу мөөнөтү. Булар айыл боюнча жалпы эле толугу менен тапшырышты. Эми калган жарандар март айынын аягына чейин тапшыруу керек. Эгер өз убагында налог төлөнүп, декларация тапшырылбаса айып салынат. Жеке жарандар үчүн 1000 сом.
Учурда декларация тапшыруу мөөнөтү, калкка кандай кайрылууңуз бар
— 2, 3 жыл мурункуга караганда декларация тапшыруу үчүн ар бир жаран өзү үчүн келип закон астында жоопту экенин билип тапшырып калышты. Анан баардык маалымат таратуучу каражаттардан эскертүү катары да ар кандай роликтер кетип жатат.Ошентсе да учурдан пайдаланып силердин жардамыңар менен да кулактандыруу катары үйдө эле олтуруп, уюлдук телефон аркылуу тапшыруунун жол жобосун видео аркылуу көрсөтүп коюну туура көрдүм.


Маегиңизге чоң рахмат!
даярдаган: Айзат Түмөнбаева