“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Коомчулукта катуу талкуу жараткан китеп баяны Абдылда Аралбаев мектебинде

12 Март 2020 жыл 13:40
Көрүүлөрдүн саны: 184


Мамбетасан Ибраевдин “Эмне үчүн китеп окушубуз керек” аттуу китеби жер — жерлерди кыдырып, “Билим кербенин” өткөзүп жатат. Билим кербени 12 – мартта Куланак айылынын мектебинде болду. Сынакка мектеп ичинен 25 окуучу катышкан алар: 8-класстан 11-класска чейинки жаш өспүрүмдөр

Иш чаранын шарты боюнча окуучуларга 35 суроолуу тестке бир саат убакыт берилген.

Сынак боюнча Курманбек Орозалиев толук маалымат берди:
Нарын казыятында “Билим кербени “ аттуу долбоор ачылган.Ушул иш чарага Нарын областынан үч район катышкан, алар: Ат-Башы,Кочкор,Нарын райондору.Ал эми Нарын ,Кочкор райондорунан 10дон мектеп жана дагы Ат-Башы районунан 21 мектеп катышты.

Биз мындан бир ай мурун Абдылда Аралбаев мектебине келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, китептерди тапшырып кеткенбиз.Бул китепти каалочулар гана сатып алышкан. Ал эми китеп баасына токтолсок китеп баасы 200сом.

Жеңүүчүлөрдү куру кетирбестен “Биз эмнеге муктажбыз “ аттуу китеп берилди. Эми ушул китеп аркылуу кийинки тур өткөрүлмөкчү.Сынактын шартына токтолсок жаш жеткинчектер китепти окуп чыгып ,андан соң тест берилет.Жана ошондой эле 2-турда 1-орунду алган окуучулар областтык турга өтөт. Ал жерде чоң сыйлыктар күтүп турат.


-китептердин мазмунун айта кетсеңиз.
-“Биз эмне үчүн китеп окуйбуз?”аттуу китеби эмне үчүн китеп окуу керек экендигин үйрөтөт.Жана ошондой эле китеп ичинде көптөгөн белгилүү инсандардын, кантип ийгиликтерди багындыргандары жана китепти көп окууга шыктандыра турган мотиватциялар берилген.Ал эми “Биз эмнеге муктажбыз” аттуу китептин ичинде адам баласы эмнеге муктаж экендиги айтылган.Мисалы :сууга,абага муктаж болушубуз мүмкүн жана дагы ийгиликке жетүүгө муктаж болушубуз мүмкүн эмеспи, мына ушулар тууралуу кеңири баяндалган.

Муну менен бирге окуучуларды көп китеп окууга чакырып, жыйынтыгында 25 окуучунун ичинен 3жеңүүчү аныкталып, байгелер тапшырылды. Жеңүүчүлөр 2-турга жолдомо алышты.
Даярдагандар:Сайкал Эрнисбек кызы
Жамила Калдарова.