“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын районунун Жамааттык мультимедиа борборлоруна сынак жарыяланат

13 Март 2020 жыл 19:43
Көрүүлөрдүн саны: 55

Быйыл 2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган.Жарылыкка ылайык Нарын районунун мультимедиа борборлоруна башкы спонсор «Макый-Дан Бадырак» фирмасынын директору Өмүралиев Бакай Асылбекович тарабынан «Жаш калемгер» жана «Мен жаш журналист» сынагы жарыяланды

Сынактын байге фонду:
1-орун Ноутбук
2-орун Ысык-Көлгө он күндүк эс алуу
3,4-орун смартфон жана башка баалу белектер ойнотулат.
Сынакка окуучуларды кесипке багыт берүү максатында “Мен жаш журналист” жана “Жаш калемгер” аттуу сынагына макала, чыгарма жазган окуучуларды чакырат.
Сынак өзүнүн алгачкы чыгармаларын жарыялоого жана колдоого, алардын чыгармачылык дараметин ишке ашырууга жана балдардын чыгармачылыгы аркылуу өлкөбүздүн маданиятын таанытууга багытталат;

Сынактын мөөнөтү 15-марттан 15-апрелге чейин туура 30 күн, 20-апрелде жеңүүчүлөр аныкталат;

Сынактын милдеттери:

Жөндөмдүү жана таланттуу жаш калемгерди аныктоо жана колдоо;
Чыгармачыл балдардын чыгармачылыгын таанытуу жана жайылтуу
Сынактын шарттары:

Сынакка 3 — класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катыша алат;

Сынактын катышуучулары макала, аңгеме жазышат жана аудио, видео материал даярдашат;

Улуттун уңгусу анын каада салтында (каада салт, улуттук оюндар, улуттук буюмдар)
Жер суунун аталыштары (тарыхый, кооз жаратылыш жер суу )
Ден соолук – адамдын көркү
Башка планетада досум бар (фантастикалык чыгарма)
Менин айылым (айыл ичиндеги жаңылыктар)
Айыл өнүгүүнү жолунда (ишкердик);

Техникалык талаптар:

Чыгармалар жана макалалар: жазуу, аудио жана видео форматында да кабыл алынат;

6 сүрөттөн ашык болуу жана сүрөт макалага тиешелүү, башка жактарда жарыяланбаш керек
аудионун форматы МР3 жана узактыгы 3 минута
Видеонун форматы МР4 жана узактыгы 3 минута
Макала кыргыз, орус тилдеринде да кабыл алынат

Сынакка катышуунун шарттары:

Ар бир катышуучу ЖМК нын жана Куланак жамаатык мультимедиа борборлорунун фейсбук: Общинные радио и мультимедиацентры Кыргызстана,Куланак Медиа жана инстаграм:
https://www.instagram.com/kulanak_media/?igshid=4o1t129av0g6 баракчаларына катталыш керек;

Ар бир катышуучунун чыгармачылыгына чек жок.

Женичүүнү аныктоо
Канча материал жазылса дагы эң көп окулган жана колдоо алган макала 1 эле макаласы жеңүүчү деп табылат. Демек алдыңкы 3 орун байгеге ээ болот.

Баалоонун критерийлери:
Сынакка катышкан ар бир материал жуманын дүйшөмбүсүнөн – бейшембисине чейин кабыл алынат. Талапка жооп берген макала же чыгарма жума күндөрү өздөрүнүн сайтына жайгаштырылат жана http://kyrgyzmedia.com/ сайттарына жарыяланат. Жарыяланаган материалга «Жаш калемгер» жана «Мен жаш журналист» сынагы үчүн деп белгилениши керек.

Мааламаттык колдоо көрсөткөн: http://kyrgyzmedia.com/

Сынактын координатору жана уюштуруучусу: Дилде Шатанова
Макала тапшыруу жана байланышуу убактылары: 21 00 дон 9 00 чейин
Байланыш үчүн даректер: 0508018278
0708770914
[email protected]