“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Замандын ую

14 Март 2020 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны: 155

Куланак айылында бир башкача уй табылды. Ал уйду видеого тартып алган айыл тургуну Каныбек байке менен маек курдук

Видео Куланак ынтымагы WhatsApp группасына салынган соң, видеонун автору Каныбек Өскөналиев менен байланыштык

— Бул уйдун мындай өнөрү бар экенин кантип билдиңиз?
— Буга чейин кошуналар айтса кантип эле деп ишенбей койгом. Анан суу түтүгүн кайтарып туруп, өзүм күбө болдум.

— Кандай реакция болду, уйдун ээси ким
— Таң калдым. Кошуналар калп айтпашканына күбө болдум. Уй кошунамдыкы.

Бул видеону көргөн соң, автордон кийинки күнү да тартып берүүнү сурандык.

Даярдаган: Даткайым Орозакунова