“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ат-Башынын ар бир айылында айлык акы, жөлөк пул, пенсияларын өз айылдарынан берилет

7 Апрель 2020 жыл 18:14
Көрүүлөрдүн саны: 37

Ат-Башы районунун бардык айылдарында пенсия, пособие, айлык акыларды берүү өз айылдарынын ичинде гана уюштурулат. Бул тууралуу
Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов билдирди.


Маалыматка караганда район акиминин биринчи орун басары банк жетекчилери менен атайын жыйын өткөрүп сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.

Анын айтымында айыл тургундары атайын райондун борборуна келип карточка менен акчаларын алып кетишчү.

«Бүгүнкү күндөгү кырдаалды баарыбыз эле көрүп жатабыз. Өзгөчө кырдаал учурунда элди көчөгө чыгарбоо, алардын топтошуусуна тыюу салынып жатат. Азыркы тапта пенсия, жөлөк пул, айлык акыларын убагы келип, элдер күтүп жаткан учуру. Негизги элдин дээрлик көпчүлүгү алчу акчаларын атайын карточкага өткөрүп алышкан. Ошол себептен биз дагы аларга шарт түзүп берүү боюнча
Ат-Башы районундагы банктардын жана микрокредиттик компаниялар дын жетекчилери менен айтайын жыйын өткөрүп сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул ишти кандай тартипте алып барарыбызды чогу кеңештик. Районубуздун айрым айылдарында почта бөлүмдөрүндө пост терминалдар бар. Ошол пост терминал дагы акча каражатын үзгүлтүккө учуратпоо боюнча тапшырмалар берилди. Учурдагы кырдаалды туура түшүнүшүп, айлык акы, пенсия байланышту каражаттарын өз убагында жер-жерлерде камсыз кылып беребиз деп убада кылышты. Ал эми пост терминал дары жокайылдарга почтанын өзүнөн алуу мүмкүнчүлүгү бар»- дейт акимдин биринчи орун басары Максат Кадыркулов.

Автор: Дилде Шатанова