“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат

7 Апрель 2020 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны: 91

Быйыл Нарын облусунда жазгы талаачылык жумуштары эрте башталып, учурда бардык райондордо айдап-себүү өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.


Дыйкандын бир күндүк маңдай тери анын үй-бүлөсүнүн жылдык кирешесин камсыздайт. Андыктан облусубуздун дыйкандары жаздын бир да күнүн текке кетирбей пайдаланып калуунун аракетинде.Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 7-апрелде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын районунда жүрүп жаткан жазгы талаа иштеринин абалын көрүп, дыйкандардан кабар алды.

Облус жетекчиси Жан-Булак айылындагы айдоо аянтында болуп, “Акин” үрөн чарбасынын жана Куланак айылындагы үрөн сактоочу кампанын иши менен таанышты. Үрөн кампаларында арпанын үрөнү жетиштүү болгону менен буудайдын үрөнүнө суроо-талап көп экенин көргөн ыйгарым укуктуу өкүл башка облустардын үрөн чарбаларына сүйлөшүп бул маселени тезинен чечүү жагын тиешелүү кызматкерлерге тапшырды.

Талаачылык жумуштарындагы негизги маселе сугат сууларына байланыштуу болгондуктан облус жетекчиси райондогу “Куланак” жана “Он-Арча” насостук станцияларынын иши менен таанышып, көйгөйлүү жагдайларды сурады. Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеев билдиргендей, райондогу бардык насостук станциялар сугат суусу менен камсыз болгон. Айрым жерлерде ремонт иштери жүрүп жатат. Ал эми 300 километр ички чарбалык каналдарды ашар жолу менен тазалоо пландаштырылган. Ошол каналдар тазаланса суу айдоо аянттарына толугу менен жетет.

Суу чарбасындагы негизги көйгөй катары ремонт иштерине жумшалуучу каражаттын кечиктирилип жаткандыгы айтылды. Эмилбек Алымкулов бул маселе боюнча Өкмөткө бир нече жолу кайрылганын, буюрса жакын арада каражат бөлүнүп берилээрин билдирди.

Айыл чарбасындагы негизги көңүл бурулуп жаткан багыттардын бири-асыл тукум мал чарбаларын көбөйтүү. Жыл башынан бери облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун демилгеси менен ар бир райондо асыл тукум мал баккан фермердик чарбалар уюштурулган. Облус жетекчиси иш сапарында приоритеттүү мал чарбаларынын иши менен да таанышып, Куланак айылындагы “Адылбек-Ата-АА” жана “Азим-С” мал чарбаларында болду.

Кыдыралиев Адылбек жетектеген “Адылбек-Ата-АА” асыл тукум мал чарбасында “меринос” жана “эдилбай” породасындагы 600 баш кой, сүт жана эт багытындагы 60 баш уй багылууда. Мал ээси Нарын шаарындагы сүт заводуна күнүнө 130-140 литрден сүт өткөрөт. Ал эч жерден насыя албай малдын өзүнөн түшкөн кирешени жумшап, асылдуулугун арттыруу аракетинде.

Ал эми ушул эле айылдагы Абдыжакыпов Султанбек жетектеген “Азим-С” чарбасында 300 баш кой багылып, уяң жүндүү ак койдун тукумун жайылтуу аракети көрүлүп жатат.

Өз аракети менен мал чарбасын өнүктүрүп жаткан фермерлердин эмгегине ыраазы болгон ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов мындай чарбаларды колдоп, жайыт, тоют маселесинен, арзан насыя менен камсыз кылуу, продукцияларын өткөрүп берүү жагынан жардам берүү зарылдыгын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эмгекчил айылындагы Ишенбек Мукамбетовдун чарбасында да болуп, малды бордоп семиртүү тажрыйбасын, ошондой эле айылда уюштурулган азык-түлүк кампасын көрдү.

Белгилей кетсек, райондогу жазга талаачылык жумушарынын абалы жаман эмес. Бүгүнкү күнгө чейин 88 гектар жер айдалып бүткөн. Райондун акими Семетей Черикбаев билдиргендей, быйыл жаз эрте келгендиктен айыл чарба жумуштары 15 күнгө эрте башталды. Нарын району боюнча 8507 гектар жер айдалып-себилээри пландалууда. Мунун ичинен 1000 гектарга жакын буудай, 4066 гектарга арпа, 725 гектарга картошка, 104 гектарга жашылча, 1254 гектарга көп жылдык чөп, 1456 гектарга бир жылдык чөп эгилмекчи.

Ал эми облус боюнча алсак, быйыл жазгы талаа өнөктүгүндө жалпы 38,6 миң гектар жер айдоо белгиленүүдө. Анын ичинен 23,9 миң гектарга дан эгиндери, тактап айтканда, 5,2 миң гектарга буудай, 18,4 миң гектарга арпа, 35 гектарга жүгөрү айдалмакчы. Мындан сырткары 6,1 миң гектарга картошка, 470 гектарга жашылча, 8,3 миң гектарга чөп өсүмдүктөрү эгилээри мерчемделүүдө.

Учурда облус боюнча 309 гектар аянт айдалып, анын 116 гектарына буудай, 193 гектарына арпа эгилди.

Автор: Дилде Шатанова