“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учурдагы кырдаал окутууну үзгүлтүккө учуратпашы керек

20 Апрель 2020 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны: 226

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектеби дагы аралыктан окутууну улантып жатат. Окуу башталаардын алдында Нарын РБББ башчысы- Болот Белеков жана мектеп директору Чынар Абдыкадырова ата — энелерге, жана окуучуларга кайрылуу жасады

Урматтуу ата-энелер!

      Азыркы кырдаал өзүңүздөр билгендей балдарыбызды окутууну башка нукка буруп,аралыктан окутууга  алып келди. Окутуунун мындай ыкмасы сиздерге да көп түйшүк жаратып жатканы айкын

    Бирок, ата-энелер — сиздер жана биз — билим берүү тармагы мугалимдерибиз менен бирдикте, бири-бирибизге жардамдаш болуп иш алып барсак, окутуубуз өз максатына жетет деген терең ишенич бар.                    Балдар менен достук мамиледе сырдашып, чогуу сабак даярдап, үзгүлтүккө учуратпай билим алуусуна көмөктөш болуңуздар деп өтүнөм.              Бул күндөр да өтөт! Балдарыбыз кайрадан өз мектебинен окуп, мектептер кайрадан шаңга бөлөнчү мезгил алыс эмес!

 Бул кыйын абалдан чогуу чыгып кетсек, жасаган эмгегибиз сөзсүз өз жемишин берет деп айта алам.

     Үйүңүздөрдө балдардын күлкүсү ар дайым шаңдуу чыгып, ден соолукта болуңуздар!

         Урматым менен:

Нарын РБББ башчысы- Б.Белеков

Арыбаңыздар, урматтуу ата-энелер!!!

Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу окуучуларыбыз менен үйдө болуп онлайн режиминде билим алууга туура келип калганы баарыбызга маалым болду.Ар бир класс жетекчилер сиздер менен байланышып, билим берүүдөгү бардык маалыматтарды сиздерге жеткиришти деп ишенем.Бүгүнкү күнү биз, мугалимдер сиздердин жардамыңыздарга өтө муктажбыз.Сиздерден сураныч, балдардын билим алуусуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, балдар үчүн телевизордон берилген сабактарды өз убагы менен көрүүгө бардык шарттарды түзүп,өз убагы менен көрүүсун көзөмөлдөп берсеңиздер.Андан соң биздин агай-эжелер өтүлгөн сабактар боюнча кайрадан кайтарым байланышта болуп, түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берип жана алардын аткарылышын көзөмөлдөп турабыз.Бул процесс оңой көрүнгөнү менен дагы көптөгөн көйгөйлөрдү жаратарын баарыбыз эле сезип турабыз,ошого карабастан бүгүнкү күндө биздин агай-эжелер жаңы технологиялар менен сабак өтүүгө даяр деп сиздерди сыймыктануу менен ишендирип кете алам.Балдарыбыздын жаркын келечеги жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн биримдикте, ынтымакта тартип жана жоопкерчилик менен бул кырдаалдан да чыгабыз.Билим очогу болгон алтын уя мектебибизде кайрадан, жакынкы күндөрү коңгуроо кагылып, агай-эжелердин, окуучуларыбыздын күлкү-шаңына толуп, мектеп жашоосу уланат.Сүйүктүү окуучуларыбыздын бардык жетишкендиктерин, ийгиликтерин биздин ардактуу ата-энелер, сиздер менен биргеликте сыймыктанып бөлүшчү күндөрүбүз алдыда.
Сиздерди терең урматтоо менен Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин директору Чынара Өмүровна.

Ушундай кырдаалда алыста жашаган балдарына ата — энелер өздөрүнүн кайрылуусун билдирип жатат. Ошолордун бири менен бөлүшүүнү туура көрдүм

      WhatsApp Ptt 2020-04-16 at 11.42.22

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева