“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ооруну толугу менен жеңе элекпиз,сак бололу!

5 Май 2020 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны: 74

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 13 адамдан табылды. Алардын бирөө медицина кызматкери. Бишкек шаарында 8, Нарында 5 учур катталды. Анын ичинде Нарын шаарынан 2, Ат-Башы районунан 3 учур. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны өлкөдө 843кө жетти. Анын 217си медицина кызматкерлери. Өпкө илдетинен жалпы 600 адам айыкса, тилекке каршы 11 бейтап көз жумду.

Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 103тү түздү. Алардын 78и сакайып ооруканадан чыкты. 25 адам дарыланууда. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 61 адам, Жумгалда 10, Нарын шаарынан 6, Кочкордон 1 адам айыгып чыкты. Учурда Ат-Башыда 10, Жумгалда 4, Нарын шаарында 9 киши изоляцияда. 3 адам үйүндө изоляцияга алынган. Обсервацияда жалпы 153, үй шартында карантинде медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө 528 адам бар. Ал эми контакт болгон адамдардын саны 1680.

Өкүнүчтүүсү, оору жуктургандардын арасында медицина кызматкерлеринин саны көбөйүп жаткандыгы болууда. Нарында оору жуктурган 103 жарандын 27си медицина кызматкерлери. Тактап айтканда 7 дарыгер, 15 медайым жана 5 санитардык кызматкерлер жуктуруп алышты.

Бул сандар коронавирус илдетин толук жеңе элек экендигибизден кабар берет. Тилекке каршы, оору жуктуруп алгандар дагы деле табылып, аларды дарылоо иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда Президентибиздин Жарлыгына ылайык, Ат-Башы районунда “өзгөчө абал”, калган бардык райондордо жана Нарын шаарында “өзгөчө кырдаал” тартиби улантылууда.

Элибиз бир айдан ашык убакыттан бери тартипке баш ийип чыдап берди. Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Тартиптин негизинде оору жуктурган адамдарды аныктап, алардын башкаларга жайылтуу коркунучун азайта алдык. Бактыга жараша бир топ бейтаптар оорунун жеңил формасы менен жабыркап, сакайып чыгышты.

Бирок биз ооруну толугу менен жеңе элекпиз. Тобокелдик абдан жогору. Себеби күн сайын жаңы учурлар катталып жатат. Ошондуктан элибизден суранаарыбыз дагы бир аз чыдап, коомдук жайларга барбай, бири-бирибиз менен карым-катыш жасабай, жашап турган аймагыбыздан сырткары чыкпай, санитардык-гигиеналык эрежелерди туура сактайлы!!! Оору менен ойнобойлу!!!

Социалдык тармактарда ар кандай туура эмес маалыматтар тарап, “оору жок экен”, “бул жөн эле саясат экен” деген өңдүү акылга сыйбаган сөздөр жүрүп, элдин аң-сезимине туура эмес таасир этип жатканы өкүнүчтүү. Эгер оору жок болсо дүйнө жүзүндө миңдеген адамдар эмнеге каза болуп атат? Бизде эле каза болгондордун саны 11ге жетти. Илдет жок болсо ушунча мамлекеттик кызматтар эмнеге күн-түн иштеп жатышат? Мына ушуларды сергек ойлонуп, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактап калалы! Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Куланак жамааттык мультимедиа борбору