“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Зарылчылык болбосо Нарынга барбай турууну сунуштайбыз

11 Май 2020 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 101

Урматтуу Куланак, Учкун айылынын тургундары!

Бүгүн,11-майга карата Нарын шаарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны 35ке жетти. Алардын 8и айыгып чыкса, 27си учурда ооруканада дарыланып жатышат.

Андыктан, Нарын шаарына зарылчылык болбосо барбай туруу сунушталат. Себеби, ооруну жугузуп алуу коркунучу чоң.

❗Сак болуңуздар!

❗Бири-бириңиздер менен бир метр аралыкты сактаңыздар!

❗Бет кап тагынып жүрүңүздөр!

❗Антисептикалык каражаттарды колдонууну унутпаңыздар!

❗Үйүңүздөрдү таза кармап,хлор менен бат-баттан жууп туруңуздар!

❗Колду бат—баттан жууп туруңуздар!

❗Сиздин саламаттыгыңыз, сиздин колуңузда!

Учкун айыл өкмөтү

Куланак жамааттык мультимедиа борбору