“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

COVID-19 илдети бир адамдын өмүрүн алды

16 Май 2020 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны: 99

Кечөө, 15-май күнү Нарын районунда коронавирусту 4 адам жуктурганы белгилүү болду.Анын ичинен бир адам каза болгондугу аныкталып,каза болгон жаран өз айылында жерге жашырылган жана анын туугандары көзөмөлгө алынды

Дагы COVID-19 илдеттин жуктуруп алгандар Миң-Булак, Жан-Булак жана Учкун айылдарынын тургундары болгон. Алар бул ооруну төрөтканадан жуктуруп алышкан. Бейтаптардын экөө төрөгөндөн кийин үйүнө чыгарылса, бирөө патология бөлүмүнө жаткырылган,ал адамдардан коронавируска карата тапшырган анализдеринин жыйынтыгында илдет аныкталган.
Эскерте кетсек буга чейин сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 вирусунан 2 бейтап каза болгонун эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары кабарлаган.

Ал эми Куланак айылында,айыл тургундары, бугун 15-май күнү Кезексиз сессиянын N2 Токтому чыгып,Учкун, Куланак айылдарына 15-майдан тарта 30-майга чейин карантин киргизилди, чектөө убактысы эртең мененки саат 8.00дон 21.00го чейин.
Айыл ичиндеги магазиндерге иштөө убактысы 8.00дөн 20.00 го чейин гана иштөөгө уруксат берип, алкаголь ичимдигин сатканга катуу тыюу салынды.
Ушул убакыт аралыгында ар кандай аш- тойлор, спорттук оюндар, 3 адамдан ашык чогулууларга дагы тыюу салынгандыгы маалым болду.
Жогорудагы талаптарды аткарбагандарга Жаза кодекси менен чара коруулору эскертилет!

Автор:Дилде Шатанова